# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 6-февралындагы № 34 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 6-февралындагы № 34 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 34
- Кабыл алынган күнү: 06.02.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.02.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230043680>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19757/edition/50442/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230043680.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 6-февралындагы № 34 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" тескемеси (06.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230043680

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2026-жылдын 6-февралы № 34

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер бөлүктөрүнүн күжүрмөн тууларынын сырткы көрүнүшүн бир түрдүүлүккө келтирүү, кыргыз элинин улуттук-маданий баалуулуктарын сактоо жана аскердик салттарды бекемдөө максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, “Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 21-июнундагы № 129 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда көрсөтүлгөн тескеме менен бекитилген 89-мотоаткычтар бригадасынын Күжүрмөн туусу жөнүндө жободо:

– 2-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Туунун сабы узундугу 2700 мм жана диаметри 40 мм болгон жумуру кесилиштеги жыгачтан жасалган. Туунун сабы кочкул күрөң түскө боёлгон, лакталган жана төмөнкү учунда металл шакекчеси, жогору жагында – узундугу 330 мм, төмөнкү жагынын туурасы 117 мм жана калыңдыгы 2 мм кем эмес, чокусуна карай учтуу никелденген фигуралуу учтугу бар, анын борборунда кыргыз элинин тарыхый-маданий мурасын жана руханий баалуулуктарын символдоштурган Манас белгиси (уруулук мөөр) жана элдин биримдигин символдоштурган түндүк жайгашкан.”;

2) жогоруда көрсөтүлгөн тескеме менен бекитилген 91-мотоаткычтар батальонунун Күжүрмөн туусу жөнүндө жободо:

– 2-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Туунун сабы узундугу 2700 мм жана диаметри 40 мм болгон жумуру кесилиштеги жыгачтан жасалган. Туунун сабы кочкул күрөң түскө боёлгон, лакталган жана төмөнкү учунда металл шакекчеси, жогору жагында – узундугу 330 мм, төмөнкү жагынын туурасы 117 мм жана калыңдыгы 2 мм кем эмес, чокусуна карай учтуу никелденген фигуралуу учтугу бар, анын борборунда кыргыз элинин тарыхый-маданий мурасын жана руханий баалуулуктарын символдоштурган Манас белгиси (уруулук мөөр) жана элдин биримдигин символдоштурган түндүк жайгашкан.”;

3) жогоруда көрсөтүлгөн тескеме менен бекитилген 8-артиллериялык бригадасынын Күжүрмөн туусу жөнүндө жободо:

– 2-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Туунун сабы узундугу 2700 мм жана диаметри 40 мм болгон жумуру кесилиштеги жыгачтан жасалган. Туунун сабы кочкул күрөң түскө боёлгон, лакталган жана төмөнкү учунда металл шакекчеси, жогору жагында – узундугу 330 мм, төмөнкү жагынын туурасы 117 мм жана калыңдыгы 2 мм кем эмес, чокусуна карай учтуу никелденген фигуралуу учтугу бар, анын борборунда кыргыз элинин тарыхый-маданий мурасын жана руханий баалуулуктарын символдоштурган Манас белгиси (уруулук мөөр) жана элдин биримдигин символдоштурган түндүк жайгашкан.”.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-майындагы № 166 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн тескеме менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын Күжүрмөн туусу жөнүндө жободо:

– 2-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Туунун сабы узундугу 2700 мм жана диаметри 40 мм болгон жумуру кесилиштеги жыгачтан жасалган. Туунун сабы кочкул күрөң түскө боёлгон, лакталган жана төмөнкү учунда металл шакекчеси, жогору жагында – узундугу 330 мм, төмөнкү жагынын туурасы 117 мм жана калыңдыгы 2 мм кем эмес, чокусуна карай учтуу никелденген фигуралуу учтугу бар, анын борборунда кыргыз элинин тарыхый-маданий мурасын жана руханий баалуулуктарын символдоштурган Манас белгиси (уруулук мөөр) жана элдин биримдигин символдоштурган түндүк жайгашкан.”.

3. Бул тескеме кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
