# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 132 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-мартындагы № 79 «Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу рыногун өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 132 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-мартындагы № 79 «Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу рыногун өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 132
- Кабыл алынган күнү: 31.03.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.03.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230043669>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-11076/edition/50432/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230043669.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.03.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 132 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-мартындагы № 79 «Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу рыногун өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Жарлыгы (31.03.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230043669

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2026-жылдын 31-марты № 132

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-мартындагы № 79 «Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу рыногун өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

«Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ачык акционердик коомунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-мартындагы № 79 «Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу рыногун өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

– 2-пунктта:

8-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын; төмөнкүдөй мазмундагы 81-пунктча менен толукталсын: «81) «МКУ» ААКтын акционери катары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча функцияларды Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына өткөрүп берсин.».

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 3-апрелиндеги № 25 (3785) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
