# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 31-марты № 206 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-декабрындагы № 845 «Республикалык бюджеттин долбоорун түзүү, республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жана бюджетти аткаруу процессинде каражаттарды кайра бөлүштүрүү тартиби жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 31-марты № 206 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-декабрындагы № 845 «Республикалык бюджеттин долбоорун түзүү, республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жана бюджетти аткаруу процессинде каражаттарды кайра бөлүштүрүү тартиби жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 31.03.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.03.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230043624>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230043624/edition/50365/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230043624.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.03.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 31-марты № 206 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-декабрындагы № 845 «Республикалык бюджеттин долбоорун түзүү, республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жана бюджетти аткаруу процессинде каражаттарды кайра бөлүштүрүү тартиби жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (31.03.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230043624

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 31-марты № 206

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-декабрындагы № 845 «Республикалык бюджеттин долбоорун түзүү, республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жана бюджетти аткаруу процессинде каражаттарды кайра бөлүштүрүү тартиби жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарын андан ары өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 90, 91-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-декабрындагы № 845 «Республикалык бюджеттин долбоорун түзүү, республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жана бюджетти аткаруу процессинде каражаттарды кайра бөлүштүрүү тартиби жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Республикалык бюджеттин долбоорун түзүү, республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жана бюджетти аткаруу процессинде каражаттарды кайра бөлүштүрүү тартибинде:

– төмөнкүдөй мазмундагы 631, 632-пункттар менен толукталсын:

«631. Кезектеги бюджеттик жылга жана пландык мезгилге республикалык бюджеттин негизги параметрлерин түзүүдө республикалык бюджеттин дефицитинин чектүү деңгээли ички дүң продуктуга карата 3 пайыздан ашпаган өлчөмдө белгиленет.

632. Республикалык бюджеттин параметрлерин түзүүдө мамлекеттик карыздын ички дүң продуктуга карата чектүү катышы 70 пайыздан ашпаган өлчөмдө белгиленет.».

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
