# Кочкорбаев айылдык кеңешинин 2025-жылдын 9 - июлу № 32/IX-29 "Транспорт каражаттарын парковкалоо жана токтотуу үчүн төлөм баасын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кочкорбаев айылдык кеңешинин 2025-жылдын 9 - июлу № 32/IX-29 "Транспорт каражаттарын парковкалоо жана токтотуу үчүн төлөм баасын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 32/IX-29
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230043608>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-53646/edition/50324/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230043608.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кочкорбаев айылдык кеңешинин 2025-жылдын 9 - июлу № 32/IX-29 "Транспорт каражаттарын парковкалоо жана токтотуу үчүн төлөм баасын бекитүү жөнүндө" токтому (09.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230043608

---

КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2025-жылдын 9 - июлу № 32/IX-29

Транспорт каражаттарын парковкалоо жана токтотуу үчүн төлөм баасын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын финансы министрлигине караштуу мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаары жана түндүк региону боюнча эсепке алынбаган товарлар менен иштөө башкармалыгынын 17.06.2025-жылдагы №993/25/2-/73 Бирдик айылында жайгашкан муниципалдык гаражды кароолчу жана видеокөзөмөлү менен жүк ташуучу унаа токтотуучу жайга берүү жөнүндө кайрылуусунун карап чыгып жана талкуулап жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 48-беренесинин 13-пунктуна ылайык Кочкорбаев айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Бирдик айылында жайгашкан Аламанов көчөсү №56 дарегинде жайгашкан муниципалдык гаражда транспорт каражаттарын парковкалоо жана токтотуу үчүн төлөм баасы 1 транспорт каражатына 1 суткасына 800 (сегиз жүз) сом деп бекитилсин.

2. Ушул токтомду мыйзамда белгиленген тартипте жарыялап жана Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкорбаев айылдык кеңешинин бюджет, каржы, экономикалык өнүктүрүү жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Э.И.Токбергенов
