Кочкорбаев айылдык кеңешинин 2025-жылдын 9 - июлу № 32/IX-29 «Транспорт каражаттарын парковкалоо жана токтотуу үчүн төлөм баасын бекитүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2025-жылдын 9 - июлу № 32/IX-29
Транспорт каражаттарын парковкалоо жана токтотуу үчүн төлөм баасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын финансы министрлигине караштуу мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаары жана түндүк региону боюнча эсепке алынбаган товарлар менен иштөө башкармалыгынын 17.06.2025-жылдагы №993/25/2-/73 Бирдик айылында жайгашкан муниципалдык гаражды кароолчу жана видеокөзөмөлү менен жүк ташуучу унаа токтотуучу жайга берүү жөнүндө кайрылуусунун карап чыгып жана талкуулап жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 48-беренесинин 13-пунктуна ылайык Кочкорбаев айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Бирдик айылында жайгашкан Аламанов көчөсү №56 дарегинде жайгашкан муниципалдык гаражда транспорт каражаттарын парковкалоо жана токтотуу үчүн төлөм баасы 1 транспорт каражатына 1 суткасына 800 (сегиз жүз) сом деп бекитилсин.
2. Ушул токтомду мыйзамда белгиленген тартипте жарыялап жана Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкорбаев айылдык кеңешинин бюджет, каржы, экономикалык өнүктүрүү жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
Э.И.Токбергенов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59