# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 19-февралы № 198-VIII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана Аппарат кызматкерлеринин кызматтык иш сапарлары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 26-октябрындагы № 1549-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 19-февралы № 198-VIII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана Аппарат кызматкерлеринин кызматтык иш сапарлары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 26-октябрындагы № 1549-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 198-VIII
- Кабыл алынган күнү: 19.02.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.02.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230043571>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-16773/edition/50289/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230043571.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 19-февралы № 198-VIII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана Аппарат кызматкерлеринин кызматтык иш сапарлары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 26-октябрындагы № 1549-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (19.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230043571

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 19-февралы № 198-VIII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана Аппарат кызматкерлеринин кызматтык иш сапарлары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 26-октябрындагы № 1549-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана Аппарат кызматкерлеринин кызматтык иш сапарлары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 26-октябрындагы № 1549-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана Аппарат кызматкерлеринин кызматтык иш сапарлары жөнүндө жободо:

1) 1-бөлүмдүн 1.2-пунктунда:

- төртүнчү абзацта "500" деген цифралар "1000" деген цифраларга алмаштырылсын;

- бешинчи абзацта "2500" деген цифралар "3500" деген цифраларга алмаштырылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:

"Жогорку Кеңештин Аппарат Жетекчиси Аппараттын кызматкерлерине өлкө ичиндеги иш сапарларынын чыгымдарынын ордун толтуруу бөлүгүндөгү финансылык чыгымдарды бөлүштүрүүгө ыйгарым укуктуу.";

2) 3-бөлүмдүн 3.1-пунктунун экинчи жана үчүнчү абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага

М.А. Маматалиев
