Гавриловка айылдык аймагынын Гавриловка айылдык кеңешинин «Таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасын колдонууга киргизүү жана ставкасын белгилөө жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
XXIX-чакырылыштын 4 кезектүү сессиясы
2025-жылдын 14-марты № 4/31 Таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасын колдонууга киргизүү жана ставкасын белгилөө жөнүндө Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 73, 74, 75-беренелерине, 76-беренесинин 2- жана 3-бөлүктөрүнө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрында №662 токтомунун калктуу конуштардын аймактарынан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйым боюнча эсептөөнү толтуруу жана берүү тартибинин 3-пунктуна ылайык, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гавриловка айыл аймагынын аймагында таштанды чыгаруу үчүн жыйым ишке киргизилсин.
2.Жеке жана юридикалык жактар - ишкердик иши үчүн төмөнкүдөй бекитилсин:
1) Таштанды чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасы ар бир иштеген кызматкерге жыл сайын 100 сом өлчөмүндө.
2) Таштанды чыгаруу үчүн жыйымды эсептөө мөөнөтү жыл сайын 1-майга чейин.
3) Таштанды чыгаруу үчүн жыйымды төлөө мөөнөтү жыл сайын 1-июнга чейин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ш.Урматовго жүктөлсүн.
Төрага
Ы.Б. Нааматов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.