# Кочкорбаев айылдык кеңешинин 2025-жылдын 27-июнунун № 30/VIII-29 "Кочкорбаев айылдык кеңешинин 2024-жылдын 19-декабрындагы № 7/III “Бирдик айылындагы жалпы билим берүү орто мектебинин аталышын өзгөртүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кочкорбаев айылдык кеңешинин 2025-жылдын 27-июнунун № 30/VIII-29 "Кочкорбаев айылдык кеңешинин 2024-жылдын 19-декабрындагы № 7/III “Бирдик айылындагы жалпы билим берүү орто мектебинин аталышын өзгөртүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 30/VIII-29
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230043549>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-53602/edition/50267/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230043549.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кочкорбаев айылдык кеңешинин 2025-жылдын 27-июнунун № 30/VIII-29 "Кочкорбаев айылдык кеңешинин 2024-жылдын 19-декабрындагы № 7/III “Бирдик айылындагы жалпы билим берүү орто мектебинин аталышын өзгөртүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому (27.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230043549

---

КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2025-жылдын 27-июну № 30/VIII-29

Кочкорбаев айылдык кеңешинин 2024-жылдын 19-декабрындагы № 7/III “Бирдик айылындагы жалпы билим берүү орто мектебинин аталышын өзгөртүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кочкорбаев айылдык кеңешинин 2024-жылдын 19-декабрдагы № 7/III “Бирдик айылындагы жалпы билим берүү орто мектебинин атын өзгөртүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө маалыматты карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августундагы №179 “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын 19-беренесинин 2-пунктуна ылайык Кочкорбаев айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Бирдик айылынын жалпы билим берүү орто мектебинин аталышы кыргызча “Бирдик айылынын Куттубек Тагаев атындагы жалпы билим берүүчү мектеби” деп, ал эми орусча “Общеобразовательная школа имени Куттубека Тагаева села Бирдик” деп өзгөртүлсүн.

2. Бул токтомдун көчүрмөсү Ысык-Ата райондук билим берүү бөлүмүнө жөнөтүлсүн.

3.Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн башчысы А.Кожомамбетовго жана мектептин директору К.Адылбаевага мектептин аталышын өзгөртүү боюнча иштерди жүргүзүшсүн.

4. Ушул токтомду мыйзамда белгиленген тартипте жарыялап жана Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

Төрага

Э.И.Токбергенов
