# Ак-Сай айылдык кенешинин 2026-жылдын 13-мартындагы №42 "Ак-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Сай №106 ӨККБнө ысым ыйгаруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ак-Сай айылдык кенешинин 2026-жылдын 13-мартындагы №42 "Ак-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Сай №106 ӨККБнө ысым ыйгаруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 42
- Кабыл алынган күнү: 13.03.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.03.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230043542>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-53596/edition/50258/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.03.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ак-Сай айылдык кенешинин 2026-жылдын 13-мартындагы №42 "Ак-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Сай №106 ӨККБнө ысым ыйгаруу жөнүндө" токтому (13.03.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230043542

---

АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ АК-Сай айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын X сессиясы

2026-жылдын 13-марты №40

Ак-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Сай №106 ӨККБнө ысым ыйгаруу жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы №244 токтому, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы №159 токтомун,Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25- мартындагы №149 токтомун жетекчилике алып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндөгү мыйзамынын №34,36,39 беренелерине таянып жана Баткен райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 2026-жылдын 2-февралындагы №03/4 сандуу чыгыш катын аткарууга алып, Баткен райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн аскер кызматкерлеринин 2026-жылдын 2-февралындагы жыйынын протоколунун негизинде, Ак-Сай айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, кеңештин иштери жана депутаттык этика жана регламент, мандат боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна ылайык, Ак-Сай айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Сай айылындагы №106 өрткө каршы-куткаруу бөлүкчөсүнө мекенди коргоодо баатырларча курман болгон маркум лейтенант Ысманов Айбек Абдумаликовичтин ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Сайайыл өкмөтүнүн башчысы С.Анаровко тапшырылсын.

3. Бул токтом .ak-say.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

4.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

5. Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигин ченемдик укуктук актыларынын реестирине каттоого Баткен юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, кеңештин иштери жана депутаттык этика жана регламент, мандат боюнча комиссия.жүктөлсүн.

Тѳраганын орун басры

А.Азимов
