# Ак-Кудук айыл аймагынын Ак-Кудук айылдык кеңешинин 2026-жылдын 23-февралындагы № 77/XVI-29 "Ак-Кудук айыл аймагынын Аксакалдар сотунун Регламентин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ак-Кудук айыл аймагынын Ак-Кудук айылдык кеңешинин 2026-жылдын 23-февралындагы № 77/XVI-29 "Ак-Кудук айыл аймагынын Аксакалдар сотунун Регламентин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 77/XVI-29
- Кабыл алынган күнү: 23.02.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.02.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230043537>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-53594/edition/50254/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230043537.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ак-Кудук айыл аймагынын Ак-Кудук айылдык кеңешинин 2026-жылдын 23-февралындагы № 77/XVI-29 "Ак-Кудук айыл аймагынын Аксакалдар сотунун Регламентин бекитүү жөнүндө" токтому (23.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230043537

---

АК-КУДУК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2026-жылдын 23-февралы № 77/ХVI-29

Ак-Кудук айыл аймагынын Аксакалдар сотунун Регламентин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 34-беренесин, “Аксакалдар соттору жөнүндө” мыйзамынын 4-беренесинин 3-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2024-жылдын 17-декабрындагы № 01-25/342 буйругуна таянып Ак-Кудук айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Ак-Кудук айыл аймагынын Аксакалдар сотунун Регламенти бекитилсин.

2. Бул токтом Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтында жарыялансын.

3. Жооптуу катчы Исакова Ч.Н. бул токтомду каттоодон өткөрсүн жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Ак-Кудук айылдык кенешинин жер, турак жай жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага:

Дж. Маванкуй
