Ак-Кудук айыл аймагынын Ак-Кудук айылдык кеңешинин “Альфа Телеком” жабык акционердик коомуна жер тилкесин ижарага бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
АК-КУДУК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2026-жылдын 23-февралы № 76/ХVI-29
“Альфа Телеком” жабык акционердик коомуна жер тилкесин ижарага бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Айылдык кеңешинин сессиясында Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 21-беренесин жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын 2026-жылдын 28-январындагы №01-7/239 сандуу катындагы “Альфа Телеком” ЖАКтын кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып Ак-Кудук айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Кудук айыл аймагына караштуу Милянфан айылынын Ленин көчөсүнүн чыгыш тарабынан 16 кв.м өлчөмдөгү жер тилкеси “Альфа Телеком” жабык акционердик коомуна ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2. Ак-Кудук айыл аймагына караштуу Милянфан айылында жайгашкан суу топтомо мунарасына жакын жерден 16 кв.м өлчөмдөгү жер тилкеси “Альфа Телеком” жабык акционердик коомуна ижарага берүүгө макулдук берилсин.
3. Бул токтом Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтында жарыялансын.
4. Жооптуу катчы Исакова Ч.Н. бул токтомду каттоодон өткөрсүн жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Ак-Кудук айылдык кенешинин жер, турак жай жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага:
Дж. Маванкуй
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Кыргыз Республикасынын Жер кодексиКодекс · 18.07.2025 · № 149