# Ак-Кудук айыл аймагынын Ак-Кудук айылдык кеңешинин 2026-жылдын 23-февралындагы № 75/XVI-29 "Ак-Кудук айыл аймагынын 2026 -жылга жайыттарды башкаруу жана пайдалануу планын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ак-Кудук айыл аймагынын Ак-Кудук айылдык кеңешинин 2026-жылдын 23-февралындагы № 75/XVI-29 "Ак-Кудук айыл аймагынын 2026 -жылга жайыттарды башкаруу жана пайдалануу планын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 75/XVI-29
- Кабыл алынган күнү: 23.02.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.02.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230043521>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-53586/edition/50242/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230043521.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ак-Кудук айыл аймагынын Ак-Кудук айылдык кеңешинин 2026-жылдын 23-февралындагы № 75/XVI-29 "Ак-Кудук айыл аймагынын 2026 -жылга жайыттарды башкаруу жана пайдалануу планын бекитүү жөнүндө" токтому (23.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230043521

---

АК-КУДУК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2026-жылдын 23-февралы № 75/ХVI-29

Ак-Кудук айыл аймагынын 2026 -жылга жайыттарды башкаруу жана пайдалануу планын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы №386 “Жайыттарды пайдалануу үчүн акы белгилөө тартиби жөнүндө” бекитилген токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын 4,8 жана 10-беренелеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы №515 токтому менен бекитилген “Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобонун” негизинде, жайыт жерлерин пайдалануунун эффективдүүлүгү жана сарамжалдуу башкаруу максатында Ак-Кудук айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Ак-Кудук айыл аймагынын 2026 жылга жайыттарды башкаруу жана пайдалануу планы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.2026-жылга мал жандыктары үчүн төмөндөгүдөй төлөм бекитилсин:

- бодо мал-1 баш -150 сом;

- жылкы -1 баш -150 сом;

- кой-эчки- 1 баш- 50 сом;

3. 2026-жылга жайыт жерлерди мал жаюудан тышкары максатта пайдалангандыгы үчүн төмөндөгү тарифтер бекитилсин:

-туризм жана жарандардын эс алуусу үчүн 0, 01 га – 300 сом;

4. Жооптуу катчы Исакова Ч.Н. бул токтомду каттоодон өткөрсүн жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Ак-Кудук айылдык кенешинин жер, турак жай жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага:

Дж. Маванкуй
