# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-февралындагы № 116-т (2025-жылдын 1-сентябрында Тяньцзинь шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ортосундагы Шанхай кызматташтык уюмунун Баңгизаттарга каршы борбору жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу жөнүндө) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-февралындагы № 116-т (2025-жылдын 1-сентябрында Тяньцзинь шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ортосундагы Шанхай кызматташтык уюмунун Баңгизаттарга каршы борбору жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу жөнүндө) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 116-т
- Кабыл алынган күнү: 27.02.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.02.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230043518>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19753/edition/50233/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230043518.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-февралындагы № 116-т (2025-жылдын 1-сентябрында Тяньцзинь шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ортосундагы Шанхай кызматташтык уюмунун Баңгизаттарга каршы борбору жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу жөнүндө) тескемеси (27.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230043518

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2026-жылдын 27-февралы № 116-т

Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. 2025-жылдын 1-сентябрында Тяньцзинь шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ортосундагы Шанхай кызматташтык уюмунун Баңгизаттарга каршы борбору жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жогоруда аталган Макулдашууну ишке ашырууга жооптуу болуп аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
