Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Бишкек шаары, Кара-Жыгач көчөсү, 2/1 дарегинде жайгашкан турак эмес жайларды Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 27-марты № 202-т
Жаратылыш объектин – «Кара-Жыгач токою» сейил багын сактоо максатында, Бишкек шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 29-августундагы № 235 «Бишкек шаары, Карагачевая көчөсү, 2/1 дарегинде жайгашкан объектти муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө» токтомун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 405 «Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнүн тартибинин 5-пунктуна, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 6-статьяларына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен биргеликте Бишкек шаары, Карагачевая көчөсү, 2/1 дарегинде жайгашкан, мамлекеттик менчикте турган, жалпы аянты 1,63 гектар (идентификациялык коду 1-03-02-0015-0303) болгон жер тилкесин анда болгон турак эмес жайлары (мындан ары – объекттер) менен Бишкек шаарынын мэриясына өткөрүп берсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясына белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:
1) ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерди муниципалдык менчикке кабыл алуу;
2) ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерге менчик укугун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо органдарында кайра каттоону жүзөгө ашыруу;
3) ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерди күтүүнү жана андан ары тейлөөнү жүзөгө ашыруу;
4) өткөрүп берилүүчү объекттерди андан ары ээликтен ажыратпоо;
5) ушул тескемеден келип чыгуучу башка чараларды көрүү.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 37
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлунун № 405 "Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 23.07.2024 · № 405
- Бишкек шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 29-августундагы № 235 "Бишкек шаары, Карагачевая көчөсү, 2/1 дарегинде жайгашкан объектти муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү…Постановление · 29.08.2025 · № 235