# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 210-т ( КР Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемелерине караштуу бала бакчаларынын имараттарын жана курулмаларын жер тилкелери менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 210-т ( КР Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемелерине караштуу бала бакчаларынын имараттарын жана курулмаларын жер тилкелери менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 210-т
- Кабыл алынган күнү: 31.03.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.03.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230043471>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19750/edition/50185/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230043471.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.03.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 210-т ( КР Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемелерине караштуу бала бакчаларынын имараттарын жана курулмаларын жер тилкелери менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө) тескемеси (31.03.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230043471

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2026-жылдын 31-марты № 210-т

Мамлекеттик мүлктү натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу максатында, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 6-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 405 «Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (мындан ары – ЖАМК) төмөнкү мекемелеринин имараттарын жана курулмаларын тиешелүү жер тилкелери менен билим берүү максатында пайдалануу үчүн өткөрүп берсин:

1) ЖАМКнын № 1 түзөтүү мекемеси – жалпы режимдеги колониясынын балансынан – Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Аламүдүн району, Молдовановка айылы, ГУИН көчөсү, 8 дарегинде жайгашкан № 19 бала бакчасын, аянты 10749 кв. м, идентификациялык коду 7-01-01-1002-0055 жер тилкеси менен Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун Достук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине;

2) ЖАМКнын № 3 түзөтүү мекемеси – катуу режимдеги колониясынын балансынан – Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Ысык-Ата району, Новопокровка айылы, Логвиненко көчөсү, 5 дарегинде жайгашкан «Бактылуу балалык» бала бакчасын, аянты 5677,54 кв. м, идентификациялык коду 7-04-10-0004-0028 жер тилкеси менен Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Жайылма айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине;

3) ЖАМКнын № 8 түзөтүү мекемеси – жалпы режимдеги колониясынын балансынан – Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Москва району, Петровка айылы, Фрунзе көчөсү, 45а дарегинде жайгашкан «Кызгалдак» бала бакчасын, аянты 6238,6 кв. м, идентификациялык коду 7-06-05-0001-0966 жер тилкеси менен Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Москва районунун Төрт-Гүл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине;

4) ЖАМКнын № 14 тарбиялоо мекемеси – жалпы режимдеги колониясынын балансынан – Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Панфилов району, Вознесеновка айылы, Заводская көчөсү, 4/1 дарегинде жайгашкан иштебеген (иши токтотулган) «Солнышко» бала бакчасын, аянты 1700 кв. м, идентификациялык коду 7-07-03-1001-1156 жер тилкеси менен Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Панфилов районунун Орто-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине.

2. ЖАМК ушул тескеменин 1-пунктуна ылайык белгиленген тартипте:

1) жогоруда аталган мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын эмеректерин жана жабдууларын ушул тескеменин 1-пунктунда аталган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына ылайык өткөрүп берүүнү камсыз кылсын;

2) ушул тескемеден келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

3. Ушул тескеменин 1-пунктунда аталган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:

1) ушул тескеменин 1-пунктунда аталган объекттерди муниципалдык менчикке кабыл алуу;

2) жогоруда аталган объекттерди мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү;

3) ушул тескеменин 1-пунктунда аталган объекттерди ээликтен ажыратууга жол бербөө, ошондой эле мектепке чейинки билим берүүнү ишке ашыруу үчүн аларды максаттуу багыты боюнча пайдалануу;

4) мектепке чейинки билим берүү уюмдары жайгашкан жерде жайгаштырылган ЖАМКнын мекемелеринин кызматкерлеринин балдары үчүн квоталарды (кабыл алууда жеңилдиктерди) кароо;

5) жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жогоруда аталган өткөрүп берилүүчү объекттерди талаптагыдай күтүүнү жана тейлөөнү камсыз кылуу;

6) ушул тескемеден келип чыгуучу башка чараларды көрүү.

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик ушул тескеменин 1-пунктунда аталган объекттерди белгиленген тартипте кайра каттоодон өткөрсүн.

5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
