# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 119 (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 31-декабрындагы № 457 тескемесине өзгөртүү киргизилүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 119 (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 31-декабрындагы № 457 тескемесине өзгөртүү киргизилүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 119
- Кабыл алынган күнү: 31.03.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.03.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230043436>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19749/edition/50153/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230043436.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.03.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 119 (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 31-декабрындагы № 457 тескемесине өзгөртүү киргизилүү тууралуу) тескемеси (31.03.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230043436

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2026-жылдын 31-марты № 119 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 31-декабрындагы № 457 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

– төмөнкүдөй мазмундагы 41-пункт менен толукталсын:

«41. Жер участокторун легалдаштыруу маселелерин кароо боюнча мамлекеттик комиссиянын катчылыгынын функциялары Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын мыйзамдардын аткарылышына көзөмөл жүргүзүүчү түзүмдүк бөлүмүнө жүктөлсүн.»;

– жогоруда аталган тескеменин тиркемеси ушул тескеменин тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

Тиркеме

«Тиркеме

Жер участокторун легалдаштыруу маселелерин кароо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамы

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө маселелерин тейлөөчү орун басары, Мамлекеттик комиссиянын төрагасы; Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары, Мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары; Мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары; Бишкек шаарынын мэринин орун басары; Ош шаарынын мэринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн аймактарды өнүктүрүү секторунун башчысы; Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалыгынын мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын начальниги; Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин өкүлү; Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өкүлү.».
