# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-мартындагы № 199 "Балдарды багуу боюнча ишти жүзөгө ашырган интернат тибиндеги балдар мекемелерин, майыптыгы бар адамдарга (балдарга) жана улгайган жарандарга кызмат көрсөтүүчү стационардык, жарым-жартылай стационардык социалдык тейлөө мекемелерин (уюмдарын) менчигинин формасына карабастан аккредитациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-мартындагы № 199 "Балдарды багуу боюнча ишти жүзөгө ашырган интернат тибиндеги балдар мекемелерин, майыптыгы бар адамдарга (балдарга) жана улгайган жарандарга кызмат көрсөтүүчү стационардык, жарым-жартылай стационардык социалдык тейлөө мекемелерин (уюмдарын) менчигинин формасына карабастан аккредитациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 199
- Кабыл алынган күнү: 28.03.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.03.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230043432>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-53516/edition/50149/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230043432.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.03.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-мартындагы № 199 "Балдарды багуу боюнча ишти жүзөгө ашырган интернат тибиндеги балдар мекемелерин, майыптыгы бар адамдарга (балдарга) жана улгайган жарандарга кызмат көрсөтүүчү стационардык, жарым-жартылай стационардык социалдык тейлөө мекемелерин (уюмдарын) менчигинин формасына карабастан аккредитациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (28.03.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230043432

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 28-марты № 199

Балдарды багуу боюнча ишти жүзөгө ашырган интернат тибиндеги балдар мекемелерин, майыптыгы бар адамдарга (балдарга) жана улгайган жарандарга кызмат көрсөтүүчү стационардык, жарым-жартылай стационардык социалдык тейлөө мекемелерин (уюмдарын) менчигинин формасына карабастан аккредитациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Турмуштук оор кырдаалда турган балдарга, майыптыгы бар адамдарга (балдарга) жана улгайган жарандарга кызмат көрсөтүүчү субъекттерди аккредитациялоо жол-жобосун өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 26, 39-беренелерине, «Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 61-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Балдарды багуу боюнча ишти жүзөгө ашырган интернат тибиндеги балдар мекемелерин, майыптыгы бар адамдарга (балдарга) жана улгайган жарандарга кызмат көрсөтүүчү стационардык, жарым-жартылай стационардык социалдык тейлөө мекемелерин (уюмдарын) менчигинин формасына карабастан аккредитациялоо жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги ушул токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрсүн.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин тиешелүү жылдарга бекитилген бюджетинин алкагында ишке ашырылат деп белгиленсин.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-ноябрындагы № 516 «Балдарды багуу боюнча интернат тибиндеги балдар мекемелерин менчигинин формасына карабастан аккредитациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 24 (3784) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
