Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Балдарды багуу боюнча ишти жүзөгө ашырган интернат тибиндеги балдар мекемелерин, майыптыгы бар адамдарга (балдарга) жана улгайган жарандарга кызмат көрсөтүүчү стационардык, жарым-жартылай стационардык социалдык тейлөө мекемелерин (уюмдарын) менчигинин формасына карабастан аккредитациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 28-марты № 199
Балдарды багуу боюнча ишти жүзөгө ашырган интернат тибиндеги балдар мекемелерин, майыптыгы бар адамдарга (балдарга) жана улгайган жарандарга кызмат көрсөтүүчү стационардык, жарым-жартылай стационардык социалдык тейлөө мекемелерин (уюмдарын) менчигинин формасына карабастан аккредитациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Турмуштук оор кырдаалда турган балдарга, майыптыгы бар адамдарга (балдарга) жана улгайган жарандарга кызмат көрсөтүүчү субъекттерди аккредитациялоо жол-жобосун өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 26, 39-беренелерине, «Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 61-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Балдарды багуу боюнча ишти жүзөгө ашырган интернат тибиндеги балдар мекемелерин, майыптыгы бар адамдарга (балдарга) жана улгайган жарандарга кызмат көрсөтүүчү стационардык, жарым-жартылай стационардык социалдык тейлөө мекемелерин (уюмдарын) менчигинин формасына карабастан аккредитациялоо жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги ушул токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрсүн.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин тиешелүү жылдарга бекитилген бюджетинин алкагында ишке ашырылат деп белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-ноябрындагы № 516 «Балдарды багуу боюнча интернат тибиндеги балдар мекемелерин менчигинин формасына карабастан аккредитациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 24 (3784) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Балдарды багуу боюнча ишти жүзөгө ашырган интернат тибиндеги балдар мекемелерин, майыптыгы бар адамдарга (балдарга) жана улгайган жарандарга кызмат көрсөтүүчү стационардык…Положение · 28.03.2026 · № 199
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-ноябрындагы № 516 "Балдарды багуу боюнча интернат тибиндеги балдар мекемелерин менчигинин формасына карабастан аккредитациялоо жөнүндө жобону бекитүү…Постановление · 01.11.2018 · № 516 · Күчүн жоготкон
- Балдарды багуу боюнча интернат тибиндеги балдар мекемелерин менчигинин формасына карабастан аккредитациялоо жөнүндө жобо (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-ноябрындагы № 516 токтомуна…Положение · 01.11.2018 · № 516 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндөЗакон · 19.12.2001 · № 111
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-ноябрындагы № 516 "Балдарды багуу боюнча интернат тибиндеги балдар мекемелерин менчигинин формасына карабастан аккредитациялоо жөнүндө жобону бекитүү…Постановление · 01.11.2018 · № 516 · Күчүн жоготкон