# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-мартындагы № 183-т (“Бардык сезондогу “Ала-Тоо Резорт” тоо кластери” мамлекеттик маанидеги долбоорду ишке ашыруу максатында жер тилкелерин ажыратуу боюнча шарттары менен ачык тооруктарды (аукциондорду) уюштуруунун жана өткөрүүнүн экинчи этабын баштоо жөнүндө) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-мартындагы № 183-т (“Бардык сезондогу “Ала-Тоо Резорт” тоо кластери” мамлекеттик маанидеги долбоорду ишке ашыруу максатында жер тилкелерин ажыратуу боюнча шарттары менен ачык тооруктарды (аукциондорду) уюштуруунун жана өткөрүүнүн экинчи этабын баштоо жөнүндө) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 183-т
- Кабыл алынган күнү: 19.03.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.03.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230043395>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19745/edition/50113/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230043395.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.03.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-мартындагы № 183-т (“Бардык сезондогу “Ала-Тоо Резорт” тоо кластери” мамлекеттик маанидеги долбоорду ишке ашыруу максатында жер тилкелерин ажыратуу боюнча шарттары менен ачык тооруктарды (аукциондорду) уюштуруунун жана өткөрүүнүн экинчи этабын баштоо жөнүндө) тескемеси (19.03.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230043395

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2026-жылдын 19-марты № 183-т

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4-беренесинин 4-бөлүгүнө, 18-беренесине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 23-мартындагы № 63 "Өлкө үчүн ишке ашырылуусу стратегиялык мааниге ээ болгон улуттук долбоорлор жөнүндө" Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-июнундагы № 326 "Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашыруу максатында мамлекеттик менчикте турган жер участокторун ээликтен ажыратуу тартибин бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашыруу максатында мамлекеттик менчикте турган жер участокторун ээликтен ажыратуу тартибине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Бул тескеменин тиркемесине ылайык старттык наркы менен жер тилкелеринин тизмеси боюнча "Бардык сезондогу "Ала-Тоо Резорт" тоо кластери" мамлекеттик маанидеги долбоорун ишке ашыруу максатында жер тилкелерин ээликтен ажыратуу боюнча шарттары менен ачык тооруктарды (аукциондорду) уюштуруунун жана өткөрүүнүн экинчи этабы 2026-жылдын 19-мартынан тартып башталсын.

2. Ачык тооруктардын (аукциондордун) экинчи этабын уюштуруучу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик аныкталсын жана ачык тооруктар (аукциондор) auctionetp.gov.kg расмий сайтында жайгаштырылган электрондук соода аянтчасында электрондук форматта өткөрүлөт деп белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик:

1) ачык тооруктардын (аукциондордун) экинчи этабын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун жана өткөрсүн;

2) электрондук соода аянтчасына жана расмий интернет-сайтына экинчи этаптын лоттору боюнча маалыматты, документтерди жана башка материалдарды жайгаштырууну камсыз кылсын;

3) ведомстволор аралык аукциондук комиссия менен өз ара аракеттенүүнү жана ачык тооруктардын натыйжалары боюнча протоколдорду тариздөөнү камсыз кылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги менен биргеликте белгиленген тартипте төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:

1) ачык тооруктардын (аукциондордун) экинчи этабына коюлуучу жер тилкелеринин чек араларын түзүүнү, аларды бөлүүнү, бөлүп чыгарууну жана пландарын даярдоону;

2) ушул тескеменин тиркемесинде каралган жер тилкелерине укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтерди ачык тооруктарды (аукциондорду) өткөрүү үчүн зарыл болгон көлөмдө даярдоону жана актуалдаштырууну;

3) электрондук соода аянтчасына жайгаштыруу үчүн зарыл болгон материалдарды жана маалыматтарды ачык тооруктарды (аукциондорду) уюштуруучуга берүүнү.

5. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги:

1) чет өлкөлүк жактар ачык тооруктардын (аукциондордун) жеңүүчүлөрү деп таанылган учурларда ачык тооруктардын (аукциондордун) жыйынтыктары чыгарылган күндөн тартып жети күндүк мөөнөттө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер тилкелерин акы төлөө негизинде мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү жөнүндө чечимдердин долбоорлорун жана ушуга байланыштуу башка чечимдердин долбоорлорун даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизсин;

2) бул тескемени ишке ашыруу маселелери боюнча кызыкдар мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн координациялоону камсыз кылсын.

6. Бул тескеменин тиркемесинде көрсөтүлгөн жер тилкелеринин баланс кармоочусу болуп саналган "Ала-Тоо Резорт" ачык акционердик коомуна ачык тооруктардын (аукциондордун) жыйынтыктары боюнча жеңүүчүлөр менен белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган келишимдерди түзүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан мындай келишимдердин шарттарынын аткарылышына жана жер тилкелеринин максаттуу пайдаланылышына контролду жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилсин.

7. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик жана "Ала-Тоо Резорт" ачык акционердик коому менен биргеликте потенциалдуу катышуучулардын мүмкүн болушунча кеңири чөйрөсүн тартуу максатында ачык тооруктарды (аукциондорду) өткөрүүнү чагылдыруу боюнча белгиленген тартипте масштабдуу маалыматтык өнөктүктү жүргүзсүн.

8. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев

Тиркеме

Лоттун №

Жер тилкесинин жайгашкан жери

Аянты, м2

Баштапкы баасы сом менен

Категориясы

Жер тилкесинин багыты

Негизги шарттар

2

Жыргалаң айылы, Хан-Теңири айыл аймагы, Ак-Суу району, Ысык-Көл облусу

2355,0

40035000

Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер

Тоо-лыжа комплексин куруу

4 жылдыздуу мейманканаларды куруу

3

1393,0

23681000

4

1393,0

23681000

5

917,0

15589000

6

1393,0

23681000

7

2355,0

40035000

8

1291,3

21952100

3 жылдыздуу мейманканаларды куруу

9

1291,3

21952100

10

1740,8

29594280

11

1740,8

29594280

12

1291,3

21952100

13

1740,8

29594280

14

1440,11

24481870

15

2052,08

34885360

16

458,0

7786000

Апартаменттерди, 2 жылдыздуу мейманканаларды куруу

17

458,0

7786000

18

458,0

7786000

19

458,0

7786000

20

458,0

7786000

21

458,0

7786000

22

458,0

7786000

23

458,0

7786000

24

458,0

7786000

25

458,0

7786000

26

458,0

7786000

27

458,0

7786000

28

458,0

7786000

29

458,0

7786000

32

458,0

7786000

34

400,0

6800000

Апартаменттерди, 2 жылдыздуу мейманканаларды куруу

35

400,0

6800000

45

3600,0

51120000

Скандинавиялык коттедждерди куруу, 36 даана (1 д. = 100 кв.м)

47

6456,0

59395200

Боз үй шаарчасын, 40 даана (1 д. = 155 кв.м), этно-ресторан куруу (боз үй - 1 д. = 256 кв.м)

48

2005,0

39097500

Ресторан, фитнес, спа куруу

49

1970,0

38415000

Ресторан куруу

50

3900,0

66600000

Кесилген жыгачтан VIP-коттедждер, 6 д. (1 д. = 650 кв.м)
