# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-мартындагы № 139-т (2021-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын миграция саясатынын концепциясынын экинчи этабын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын бекитүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-мартындагы № 139-т (2021-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын миграция саясатынын концепциясынын экинчи этабын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын бекитүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 139-т
- Кабыл алынган күнү: 05.03.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.03.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230043379>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19744/edition/50099/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230043379.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.03.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-мартындагы № 139-т (2021-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын миграция саясатынын концепциясынын экинчи этабын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын бекитүү тууралуу) тескемеси (05.03.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230043379

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2026-жылдын 5-марты № 139-т

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 191 «2021–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын миграция саясатынын концепциясын бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген 2021–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын миграция саясатынын концепциясынын экинчи этабын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) 2021–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын миграция саясатынын концепциясынын экинчи этабын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары – Иш-чаралар планы) 1-тиркемеге ылайык;

2) Иш-чаралар планынын бюджети 2-тиркемеге ылайык;

3) Иш-чаралар планын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорунун матрицасы 3-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):

– Иш-чаралар планын белгиленген мөөнөттө так аткаруу боюнча толук чараларды көрсүн;

– 2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын миграция саясатынын концепциясынын экинчи этабын ишке ашырууну тиешелүү жылга бекитилген бюджеттердин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын алкагында жүргүзсүн;

– ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбестен жалпылоо үчүн Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги:

– Иш-чаралар планын ишке ашыруу боюнча ишти жалпы координациялоону жүргүзсүн;

– ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты берсин;

– жыл сайын 2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын миграция саясатынын концепциясын ишке ашыруунун экинчи этабын аткаруу жөнүндө маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяласын.

4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
