# Карьердик машиналар иштегенде уулуу газдардын эмиссиясын эсептөө методикасы (Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин 2026-жылдын 25-февралындагы № 01-01/50 буйругуна)

- Толук аталышы: Карьердик машиналар иштегенде уулуу газдардын эмиссиясын эсептөө методикасы (Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин 2026-жылдын 25-февралындагы № 01-01/50 буйругуна)
- Актынын түрү: Методика
- Номери: 01-01/50
- Кабыл алынган күнү: 25.02.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.02.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230043358>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/34-95/edition/50070/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230043358.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Карьердик машиналар иштегенде уулуу газдардын эмиссиясын эсептөө методикасы (Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин 2026-жылдын 25-февралындагы № 01-01/50 буйругуна) (25.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230043358

---

Тиркеме 18 (Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин 2026-жылдын 25-февралындагы № 01-01/50 буйругуна)

КАРЬЕРДИК МАШИНАЛАР ИШТЕГЕНДЕ УУЛУУ ГАЗДАРДЫН ЭМИССИЯСЫН ЭСЕПТӨӨ МЕТОДИКАСЫ

Автоунаалардан чыккан газдардын санын болжолдуу эсептөө таблицада келтирилген эмиссиянын коэффициенттерин колдонуу менен жүргүзүлүшү мүмкүн.

1-таблица

Т.и.№

Зыяндуу заттын аталышы

Кыймылдаткычтардан зыяндуу заттардын чыгышы

карбюратор

дизель

1

Көмүртек оксиди

0,6 т/т

0,1 т/т

2

Углеводороддор

0,1 т/т

0,03 т/т

3

Азот диоксиди

0,04 т/т

0,04 т/т

4

Көө

0,58 кг/т

15,5 кг/т

5

Күкүрт диоксиди

0,002 т/т

0,02 т/т

6

Коргошун

0,3 кг/т

\-

7

Бенз(а)пирен

0,23 г/т

0,32 г/т

Атмосферага бөлүнгөн зыяндуу заттардын көлөмү күйүүчү майдын чыгымын тонна менен тиешелүү коэффициенттерге көбөйтүү жолу менен аныкталат. Айрым унаалар боюнча күйүүчү майдын чыгымдары таблицада көрсөтүлгөн.

2-таблица

Т.и.№

Унаанын маркасы

Күйүүчү майдын түрү

Күйүүчү майдын чыгымы, т/саат

1

КАМАЗ - 511

дизель

0,013

2

КРАЗ-256 Б-1

дизель

0,019

3

ЗИЛ ММЗ - 555

бензин

0,014

Атмосферага бөлүнгөн уулуу заттардын көлөмүн стационардык булактардан (сыноо стенддеринен, дизелдик түзүлүштөрдөн ж.б.) эсептөө өзүнчө жүргүзүлүшү керек.
