Карьердик машиналар иштегенде уулуу газдардын эмиссиясын эсептөө методикасы (Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин буйругуна)
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Тиркеме 18 (Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин 2026-жылдын 25-февралындагы № 01-01/50 буйругуна)
КАРЬЕРДИК МАШИНАЛАР ИШТЕГЕНДЕ УУЛУУ ГАЗДАРДЫН ЭМИССИЯСЫН ЭСЕПТӨӨ МЕТОДИКАСЫ
Автоунаалардан чыккан газдардын санын болжолдуу эсептөө таблицада келтирилген эмиссиянын коэффициенттерин колдонуу менен жүргүзүлүшү мүмкүн.
1-таблица
Т.и.№
Зыяндуу заттын аталышы
Кыймылдаткычтардан зыяндуу заттардын чыгышы
карбюратор
дизель
1
Көмүртек оксиди
0,6 т/т
0,1 т/т
2
Углеводороддор
0,1 т/т
0,03 т/т
3
Азот диоксиди
0,04 т/т
0,04 т/т
4
Көө
0,58 кг/т
15,5 кг/т
5
Күкүрт диоксиди
0,002 т/т
0,02 т/т
6
Коргошун
0,3 кг/т
-
7
Бенз(а)пирен
0,23 г/т
0,32 г/т
Атмосферага бөлүнгөн зыяндуу заттардын көлөмү күйүүчү майдын чыгымын тонна менен тиешелүү коэффициенттерге көбөйтүү жолу менен аныкталат. Айрым унаалар боюнча күйүүчү майдын чыгымдары таблицада көрсөтүлгөн.
2-таблица
Т.и.№
Унаанын маркасы
Күйүүчү майдын түрү
Күйүүчү майдын чыгымы, т/саат
1
КАМАЗ - 511
дизель
0,013
2
КРАЗ-256 Б-1
дизель
0,019
3
ЗИЛ ММЗ - 555
бензин
0,014
Атмосферага бөлүнгөн уулуу заттардын көлөмүн стационардык булактардан (сыноо стенддеринен, дизелдик түзүлүштөрдөн ж.б.) эсептөө өзүнчө жүргүзүлүшү керек.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.