# Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 18-апрелиндеги №6/3 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы №309 токтому менен Нарын райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башкаруусуна өткөрүлүп берилген айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин ижара акысынын өлчөмүн белгилөө жөнүндө" Токтому

- Толук аталышы: Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 18-апрелиндеги №6/3 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы №309 токтому менен Нарын райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башкаруусуна өткөрүлүп берилген айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин ижара акысынын өлчөмүн белгилөө жөнүндө" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 6/3
- Кабыл алынган күнү: 18.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230043348>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-53475/edition/50055/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 18-апрелиндеги №6/3 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы №309 токтому менен Нарын райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башкаруусуна өткөрүлүп берилген айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин ижара акысынын өлчөмүн белгилөө жөнүндө" Токтому (18.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230043348

---

ЭСЕНАЛЫ ДАЙРАКУНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН VI КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ

2025-жылдын 18-апрели № 6/3

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы №309 токтому менен Нарын райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башкаруусуна өткөрүлүп берилген айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин ижара акысынын өлчөмүн белгилөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2025-жылдын 25-февралындагы №04-13/59 буйругу менен бекитилген «Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин үрөнчүлүк, асыл тукум чарбаларга, айыл чарба кооперативдерине жана айыл чарбасынын экономикалык жактан артыкчылыктуу субъекттерине берүүнүн» тартиби жана Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 17.04.2025-жылдагы №01-20/79 сандуу катынын негизинде, Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын VI кезексиз сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ижара акысынын өлчөмү төмөндөгү формуланын негизинде белгиленсин;

ИА¹= БСН \* К, мында ИА¹ - 1 га жерди пайдалангандыгы үчүн ижара акынын өлчөмү; БСН – айыл чарба жерлеринин бир чарчы метринин базалык салыктын наркы; К – сугат айдоо үчүн бирдей коэффициент; 30 – иш жүзүндөгү сугат жер; 20 – сугарууга кыйынчылык жараткан жерлер; 10 – сугаттын жоктугу.

2. Эсеналы Дайракунов айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери төмөндөгү көрсөтүлгөн контурлар боюнча коэффициенттер бекитилсин;

1) Моло участкасы

- №37, №38 контурлар, 20 – сугарууга кыйынчылык жараткан жерлер;

- №42, №43, №48, №50, №53, №56, №80, №83, №84 контурлар, 30 – иш жүзүндөгү сугат жер.

2) Тогуз – Коо участкасы

- №5134, №5150 контурлар, 20 – сугарууга кыйынчылык жараткан жерлер;

- №5108, №5138 контурлар, 30 – иш жүзүндөгү сугат жер.

3) Орус-Булак участкасы

- №4464 контуру,30 – иш жүзүндөгү сугат жер.

4) Кара-Жон участкасы

- №4868 контуру,20 – сугарууга кыйынчылык жараткан жерлер.

5) Баскыя-Жон участкасы

- №78 контуру,10 – сугаттын жоктугу.

6) Кара-Талаа участкасы

- №102, №286, №273, №242-1, №242-3, №349 контурлар,30 – иш жүзүндөгү сугат жер.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, https://zhergetal.gov.kg/ веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

Төрага

Ы.Бакаев
