# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-мартындагы № 204-т (Мамлекеттик менчиктен Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине жер тилкени өткөрүп берүү жөнүндө) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-мартындагы № 204-т (Мамлекеттик менчиктен Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине жер тилкени өткөрүп берүү жөнүндө) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 204-т
- Кабыл алынган күнү: 27.03.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.03.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230043337>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19743/edition/50037/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230043337.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.03.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-мартындагы № 204-т (Мамлекеттик менчиктен Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине жер тилкени өткөрүп берүү жөнүндө) тескемеси (27.03.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230043337

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси

2026-жылдын 27-марты № 204-т

Ош шаарынын мэриясынын ишканаларын административдик имарат менен камсыз кылуу максатында, Ош шаардык кеңешинин 2025-жылдын 25-ноябрындагы № 105 токтомун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 405 «Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнүн тартибине, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 6-статьяларына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен биргеликте Ош шаары, Туран кичи району, 63 дарегинде жайгашкан идентификациялык коду 5-11-01-0319-0038, жалпы аянты 43 000 кв. м жер тилкесин Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине белгиленген тартипте өткөрүп берсин.

2. Ош шаарынын мэриясына белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:

1) ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесин муниципалдык менчикке кабыл алуу;

2) ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесин жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен күтүүнү жана андан ары тейлөөнү жүзөгө ашыруу;

3) көрсөтүлгөн жер тилкесин андан ары ээликтен ажыратпоо жана аны максаттуу багыты боюнча пайдалануу;

4) ушул тескемеден келип чыгуучу башка чараларды көрүү.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкесин белгиленген тартипте кайра каттоону жүргүзсүн.

4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
