Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Мамлекеттик менчиктен Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине жер тилкени өткөрүп берүү жөнүндө) тескемеси
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси
2026-жылдын 27-марты № 204-т
Ош шаарынын мэриясынын ишканаларын административдик имарат менен камсыз кылуу максатында, Ош шаардык кеңешинин 2025-жылдын 25-ноябрындагы № 105 токтомун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 405 «Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнүн тартибине, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 6-статьяларына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен биргеликте Ош шаары, Туран кичи району, 63 дарегинде жайгашкан идентификациялык коду 5-11-01-0319-0038, жалпы аянты 43 000 кв. м жер тилкесин Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
2. Ош шаарынын мэриясына белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:
1) ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесин муниципалдык менчикке кабыл алуу;
2) ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесин жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен күтүүнү жана андан ары тейлөөнү жүзөгө ашыруу;
3) көрсөтүлгөн жер тилкесин андан ары ээликтен ажыратпоо жана аны максаттуу багыты боюнча пайдалануу;
4) ушул тескемеден келип чыгуучу башка чараларды көрүү.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкесин белгиленген тартипте кайра каттоону жүргүзсүн.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 37
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлунун № 405 "Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 23.07.2024 · № 405
- Ош шаардык Кеңешинин 2025-жылдын 25-ноябрындагы №105 Мамлекеттик менчиктеги айрым мүлктөрдү Ош шаарынын мунципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө токтомуПостановление · 25.11.2025 · № 105