Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу „Барскоон-Бедел автомобиль жолун куруу боюнча мамлекеттик дирекция“ мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 6-марты № 158
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Барскоон-Бедел автомобиль жолун куруу боюнча мамлекеттик дирекция" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө
Барскоон-Бедел автомобиль жолун куруу долбоорун ишке ашырууга көзөмөлдүн жана контролдун мамлекеттик механизмин түзүү, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана подряддык уюмдардын өз ара аракеттенүүсүн координациялоону камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Барскоон-Бедел автомобиль жолун куруу боюнча мамлекеттик дирекция" (мындан ары - Мамлекеттик дирекция) мамлекеттик мекемеси түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Барскоон-Бедел автомобиль жолун куруу боюнча мамлекеттик дирекция" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Мамлекеттик дирекцияны күтүүгө каражаттар Барскоон-Бедел автомобиль жолун куруу үчүн негизги капиталга (капиталдык салымдарга) инвестициялардын көлөмүнүн 2,9 пайызына чейинки өлчөмдөгү сарптоолордун ченеминин эсебинен каралат деп белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги:
- Мамлекеттик дирекцияны юстиция органдарында мамлекеттик каттоону белгиленген тартипте камсыз кылсын;
- Мамлекеттик дирекциянын штаттык санынын чегин 13 штаттык бирдик санында аныктасын жана күтүүгө чыгымдарды бекитсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу уюштуруучулук, материалдык-техникалык жана башка чараларды көрсүн;
- үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-июнундагы № 423 "Объекттерди курууда заказчы-куруучунун кызматын күтүүгө чыгымдардын нормативин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Чыгымдардын бул нормативи Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан берилген заказчы-куруучуга, Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасына, "Ысык-Көл" бирдиктүү башкаруу компаниясы" мамлекеттик ишканасына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Барскоон-Бедел автомобиль жолун куруу боюнча мамлекеттик дирекция" мамлекеттик мекемесине карата колдонулат.".
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июлундагы № 55 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык редакцияда баяндалсын.
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 1-тиркемесинде:
- эскертүүнүн 1-пункту төмөнкүдөй редакциядагы 5-пунктча менен толукталсын:
"5) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Барскоон-Бедел автомобиль жолун куруу боюнча мамлекеттик дирекция" мамлекеттик мекемеси куруу үчүн негизги капиталга (капиталдык салымдарга) инвестициялардын көлөмүнүн 2,9 пайызына чейинки өлчөмдөгү сарптоолордун ченеминин эсебинен каржыланат.".
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
9. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Касымалиев
2-тиркеме
"2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин башкаруу СХЕМАСЫ
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-июнундагы № 423 "Объекттерди курууда заказчы-куруучунун кызматын күтүүгө чыгымдардын нормативдерин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 13.06.2006 · № 423
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын…Постановление · 15.11.2021 · № 264
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июлундагы № 55 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө" токтомуПостановление · 01.07.2021 · № 55
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Барскоон-Бедел автомобиль жолун куруу боюнча мамлекеттик дирекция" мамлекеттик мекемеси жөнүндө ЖОБОПоложение · 06.03.2026 · № 158
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын…Постановление · 15.11.2021 · № 264
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июлундагы № 55 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө" токтомуПостановление · 01.07.2021 · № 55
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-июнундагы № 423 "Объекттерди курууда заказчы-куруучунун кызматын күтүүгө чыгымдардын нормативдерин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 13.06.2006 · № 423