Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кийимдерди химиялык тазалоодогу булгоочу заттардын эмиссиясын эсептөө методикасы (Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин буйругуна)
Тиркеме 13 (Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин 2026-жылдын 25-февралындагы № 01-01/50 буйругуна)
КИЙИМДЕРДИ ХИМИЯЛЫК ТАЗАЛООДОГУ БУЛГООЧУ ЗАТТАРДЫН ЭМИССИЯСЫН ЭСЕПТӨӨ МЕТОДИКАСЫ
Кийимдерди химиялык тазалоочу ишканаларда эриткичтер, химиялык тазалоону күчөткүчтөр, кир жуугуч порошоктор жана пасталар кеңири колдонулат. Бул заттарды колдонуу процессинде органикалык эриткичтер, беттик активдүү заттар түрүндөгү булгоочу заттар пайда болот. Өндүрүш калдыктарына түшкөн булгоочу заттардын көлөмү тууралуу маалыматтар цехтердин жана ишканалардын долбоорлорунун технологиялык бөлүгүндө чагылдырылышы керек. Кийимдерди химиялык тазалоо үчүн негизинен хлордуу май эриткичтер колдонулат: перхлорэтилен, тетрахлорэтилен, трихлорэтилен жана башкалар. Майсыздандыруучу заттарды колдонгон цехтер жана участоктор үчүн, эгерде машиналарда адсорбенттер жок болсо, булгоочу заттардын чыгындыларынын көлөмүн болжол менен көрсөтүлгөн эриткичтердин бууларынын чыгындыларынын көлөмүнө барабар деп эсептесе болот. Ар кандай кубаттуулуктагы химиялык тазалоочу ишканаларда атмосферага чыгарылган булгоочу заттардын болжолдуу көлөмү 1-таблицада келтирилген.
Таблица 1
Кийимдерди химиялык тазалоочу ишканалар тарабынан атмосферага чыгарылган булгоочу заттардын саны (г/саат).
Химиялык тазалоонун жалпы кубаттуулугу, смена үчүн кг
Ацетон
Циклогек-санон
Изопропилдүү спирт
Бензин
Трихлорэтилен же перхлорэтилен
350
108
10
32
43
2480
600
170
17
53
68
4200
1000
290
29
87
116
7000
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.