# Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 23-январындагы № 12/3 Баш-Булак айыл аймагынын “Баш-Булак” МИнын 2026-жылга иш планы жана жайыт пайдалануучуларга жайыттын тарифин бекитүү жөнүндө токтому

- Толук аталышы: Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 23-январындагы № 12/3 Баш-Булак айыл аймагынын “Баш-Булак” МИнын 2026-жылга иш планы жана жайыт пайдалануучуларга жайыттын тарифин бекитүү жөнүндө токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 12/3
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230043293>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-53438/edition/49995/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 23-январындагы № 12/3 Баш-Булак айыл аймагынын “Баш-Булак” МИнын 2026-жылга иш планы жана жайыт пайдалануучуларга жайыттын тарифин бекитүү жөнүндө токтому (23.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230043293

---

БАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XII сессиясы

2026-жылдын 23-январы № 12/3

Баш-Булак айыл аймагынын “Баш-Булак” МИнын 2026-жылга иш планы жана жайыт пайдалануучуларга жайыттын тарифин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы №150 Мыйзамынын 23-беренесинин 9-пунктуна жана 24-беренесинин 11-пунктуна ылайык, Баш-Булак айыл аймагындагы ири мүйүздүү малдардын ар бир түрүнө жана жайыт жерлерди пайдалануу үчүн жайыт акынын төлөмүн бекитүү жөнүндө “Баш-Булак” МИнын жетекчисинин билдирүүсүн жана айылдык кеңештин жалпы депутаттык туруктуу комиссиялардын отурумунун чечиминин негизинде Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Баш-Булак” МИнын сунушунун жана айылдык кеңештин жалпы депутаттык туруктуу комиссиялардын отурумунун чечиминин негизинде малдан алынуучу жайыт акы жана жайыт жерлерди пайдалануу үчүн жайыт акынын төлөмү төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.

Айыл аймагынын тургундарынын Четтен келген мал, кой, жылкылар үчүн мал, кой, жылкылары үчүн

1. Бир баш малга - 250 сом Бир баш малга - 500 сом

2. Бир баш кой-эчкиге - 50 сом Бир баш кой-эчкиге - 100 сом

3. Бир баш жылкыга - 300 сом Бир баш жылкыга – 500 сом

2. Жайыттарга мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдаланууга

төмөндөгүдөй баа белгиленсин.

1. Маданий ден соолукту чыңдоочу туристтик иш чаралар үчүн 1га жер үчүн 30000 сом;

2. Табигый тоют даярдоо үчүн 1га жер үчүн 1600 сом;

3. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан муниципалдык ишканага өткөрүлүп берилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы архитектура, жерге жайгаштыруу, курулуш, транспорт, жер, айыл чарба, суу чарба жана экология боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.

Төрага:

А. Бакиров
