Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин «Жеке нотариустардын документтердин долбоорлорун даярдоо жана башка кызматтары үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн бекитүү жөнүндө» буйругу
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2025-жылдын 16-январы № 13
«Жеке нотариустардын документтердин долбоорлорун даярдоо жана башка кызматтары үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн бекитүү жөнүндө»
«Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесинин 2-бөлүгүнүн талаптарын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө жобонун 13-пунктун жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Жеке нотариустардын документтердин долбоорлорун даярдоо жана башка кызматтары үчүн акы төлөөнүн өлчөмүнүн Методикасы 1 тиркемеге ылайык бекитилсин
2. Жеке нотариустардын документтердин долбоорлорун даярдоо жана башка кызматтары үчүн акы төлөөнүн өлчөмү 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Аналитика жана санариптештирүү башкармалыгы - кырдаал борбору ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин сайтына жайгаштырсын.
4. Укуктук маалымат башкармалыгы буйрукту Кыргыз Республикасынын Укуктук маалыматтардын борборлоштурулган банкында жарыяласын.
5. Нотариат, юридикалык жактарды каттоо жана апостилдештирүү башкармалыгы ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын нотариалдык палатасына маалымдасын.
6. Ушул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө нотариат маселеси боюнча юстиция министринин орун басарына жүктөлсүн.
7. Ушул буйрук кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Негиз: Нотариат, юридикалык жактарды каттоо жана апостилдештирүү башкармалыгынын 2025-жылдын 14-январындагы кызматтык каты.
Министр
А.Б. Баетов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 05.03.2021 · № 78
- Нотариат жөнүндөЗакон · 09.03.2023 · № 54
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.