# Кара-Балта шаардык кеңешинин 2026-жылдын 10-апрелиндеги № 11 «Кара-Балта шаардык кеңешинин 2015-жылдын 4-июнундагы № 11 токтому «Суу менен камсыздоо жана канализацияны пайдалануу эрежелерине» өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому

- Толук аталышы: Кара-Балта шаардык кеңешинин 2026-жылдын 10-апрелиндеги № 11 «Кара-Балта шаардык кеңешинин 2015-жылдын 4-июнундагы № 11 токтому «Суу менен камсыздоо жана канализацияны пайдалануу эрежелерине» өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 11
- Кабыл алынган күнү: 10.04.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230043163>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-53341/edition/51620/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230043163.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кара-Балта шаардык кеңешинин 2026-жылдын 10-апрелиндеги № 11 «Кара-Балта шаардык кеңешинин 2015-жылдын 4-июнундагы № 11 токтому «Суу менен камсыздоо жана канализацияны пайдалануу эрежелерине» өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому (10.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230043163

---

КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 10-апрели № 11

Кара-Балта шаардык кеңешинин 2015-жылдын 4-июнундагы № 11 токтому «Суу менен камсыздоо жана канализацияны пайдалануу эрежелерине» өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесинин 11-пунктуна ылайык, ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэриясынын алдындагы «Кара-Балта суу каналы» муниципалдык ишканасынын 2025-жылдын 28-майындагы №01-07/226 катынын негизинде, ичүүчү сууну рационалдуу жана эффективдүү пайдаланууну камсыздоо, суунун объекттерин коргоо боюнча жоопкерчиликти жогорулатуу максатында, Кара-Балта шаарынын шаардык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

1. Кара-Балта шаардык Кеңешинин 2015-жылдын 4-июнундагы №11 токтому менен бекитилген "Кара-Балта шаарындагы суу түтүктөрүн жана канализациясын пайдалануу эрежелерине" төмөнкү өзгөртүүлөрдү киргизилсин:

“Кара-Балта шаарынын турак үйлѳрдѳ бир адамга эсептелген муздак сууну керектөө нормалары турак жайдын көрктөндүрүү деңгээлине жана суу агызуу шарттарына жараша, ысык суунун шаардык канализацияга агызылышын эске алуу менен” 1-пунктунда: «Кѳчѳдөгү колонкалардан керектѳѳ» деген текстинде “35” саны “70” санына алмаштырылсын; 2-пунктунда: «Короодогу колонкалар боюнча” деген текстинде “60” саны “100” санына алмаштырылсын; 3-пунктунда: «Үйдө суу түтүгү бар, бирок борборлоштурулган канализациясы жок шартта” деген текстинде “100” саны “180” санына алмаштырылсын;

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылыш көзөмөлү бюджет, муниципалдык менчик, турак жай-коммуналдык чарба жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссияга, ошондой эле Кара – Балта ш. мэри – А.К. Исаковго жүктөлсүн.

Кеңештин төрагасы

М. Дуйшеналиев
