Кара-Балта шаардык кеңешинин «Кара-Балта шаардык кеңешинин 2015-жылдын 4-июнундагы № 11 токтому «Суу менен камсыздоо жана канализацияны пайдалануу эрежелерине» өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 10-апрели № 11
Кара-Балта шаардык кеңешинин 2015-жылдын 4-июнундагы № 11 токтому «Суу менен камсыздоо жана канализацияны пайдалануу эрежелерине» өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесинин 11-пунктуна ылайык, ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэриясынын алдындагы «Кара-Балта суу каналы» муниципалдык ишканасынын 2025-жылдын 28-майындагы №01-07/226 катынын негизинде, ичүүчү сууну рационалдуу жана эффективдүү пайдаланууну камсыздоо, суунун объекттерин коргоо боюнча жоопкерчиликти жогорулатуу максатында, Кара-Балта шаарынын шаардык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Кара-Балта шаардык Кеңешинин 2015-жылдын 4-июнундагы №11 токтому менен бекитилген "Кара-Балта шаарындагы суу түтүктөрүн жана канализациясын пайдалануу эрежелерине" төмөнкү өзгөртүүлөрдү киргизилсин:
“Кара-Балта шаарынын турак үйлѳрдѳ бир адамга эсептелген муздак сууну керектөө нормалары турак жайдын көрктөндүрүү деңгээлине жана суу агызуу шарттарына жараша, ысык суунун шаардык канализацияга агызылышын эске алуу менен” 1-пунктунда: «Кѳчѳдөгү колонкалардан керектѳѳ» деген текстинде “35” саны “70” санына алмаштырылсын; 2-пунктунда: «Короодогу колонкалар боюнча” деген текстинде “60” саны “100” санына алмаштырылсын; 3-пунктунда: «Үйдө суу түтүгү бар, бирок борборлоштурулган канализациясы жок шартта” деген текстинде “100” саны “180” санына алмаштырылсын;
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылыш көзөмөлү бюджет, муниципалдык менчик, турак жай-коммуналдык чарба жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссияга, ошондой эле Кара – Балта ш. мэри – А.К. Исаковго жүктөлсүн.
Кеңештин төрагасы
М. Дуйшеналиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кара-Балта шаардык кеңешинин 2015-жылдын 4-июнундагы № 11 "Кара-Балта шаарынын суу түтүгүн жана канализацияны колдонуу эрежеси” жана “Кара-Балта шаарынын канализациясына өндүрүш…Постановление · 04.06.2015 · № 11
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123