Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы айрым аймактарды алмашуунун натыйжасында Тажикстан Республикасынан алынган кыймылсыз мүлктү мамлекеттик менчикке кабыл алуу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 19-марты № 186
Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы айрым аймактарды алмашуунун натыйжасында Тажикстан Республикасынан алынган кыймылсыз мүлктү мамлекеттик менчикке кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 25-мартындагы № 63 Мыйзамы менен ратификацияланган, 2025-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимге, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик белгиленген тартипте:
1) Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосунда өз ара алмашуу участокторунда жайгашкан кыймылсыз мүлктү инвентаризациялоо жана кабыл алуу-өткөрүп берүү боюнча биргелешкен комиссия тарабынан түзүлгөн ушул токтомго тиркелген кыймылсыз мүлктү кабыл алуу-өткөрүп берүү актыларынын негизинде Тажикстан Республикасы өткөрүп берген кыймылсыз мүлк объекттерин мамлекеттик менчикке кабыл алсын;
2) ушул пункттун 1-пунктчасына ылайык мамлекеттик менчикке кабыл алынган кыймылсыз мүлк объекттерин алардын багытына ылайык тиешелүү министрликтердин, ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунун мамлекеттик администрацияларынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына өткөрүп берүү боюнча чараларды көрсүн.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн кыймылсыз мүлктүн айрым объекттеринин аймактык жайгашуусун өзгөртүүгө алып келген кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара линиясы демаркациялоонун жүрүшүндө такталган учурда мындай объекттердин тизмеги жана алар боюнча кабыл алынган чечимдер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде белгиленген тартипте кайра каралууга жана (же) өзгөртүлүүгө тийиш.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунун мамлекеттик администрациялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте белгиленген тартипте кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоонун жана демаркациялоонун жүрүшүндө Тажикстан Республикасынын менчигине өткөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын кыймылсыз мүлкүнүн, ошондой эле кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын бойлой тосмолорду орнотууда бузулган объекттердин ордуна ушул токтомдун 1-пунктунун 1-пунктчасына ылайык мамлекеттик менчикке кабыл алынган айыл чарба багытындагы жерлерди, калктуу конуштардын жерлерин жана турак үйлөрдү бөлүштүрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик:
1) ушул токтомдун 1-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн кыймылсыз мүлктү кабыл алуу-өткөрүп берүү актыларына ылайык кыймылсыз мүлк объекттерине мамлекеттик менчик укугун мамлекеттик каттоону жана жер тилкелерин инвентаризациялоону жүргүзсүн;
2) ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги Тажикстан Республикасы өткөрүп берген айылдардын башкы пландарын иштеп чыксын, шаар куруу корутундуларын даярдоо жана социалдык маанидеги объекттердин долбоорлорун макулдашуу боюнча иш-чараларды жүргүзсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты ушул токтомдон келип чыгуучу уюштуруу чараларын көрсүн жана тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көмөк көрсөтсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 37
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- 2025-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимди…Закон · 25.03.2025 · № 63