# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-марты № 179 "Кыргыз Республикасынын бюджетине түшүүлөрдүн булактары боюнча мамлекеттик бюджеттин ресурстарынын администраторлорунун тизмегин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-марты № 179 "Кыргыз Республикасынын бюджетине түшүүлөрдүн булактары боюнча мамлекеттик бюджеттин ресурстарынын администраторлорунун тизмегин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 179
- Кабыл алынган күнү: 16.03.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.03.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230043112>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230043112/edition/49801/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230043112.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.03.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-марты № 179 "Кыргыз Республикасынын бюджетине түшүүлөрдүн булактары боюнча мамлекеттик бюджеттин ресурстарынын администраторлорунун тизмегин бекитүү жөнүндө" токтому (16.03.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230043112

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 16-марты № 179

Кыргыз Республикасынын бюджетине түшүүлөрдүн булактары боюнча мамлекеттик бюджеттин ресурстарынын администраторлорунун тизмегин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 33-беренесине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө", 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө" жарлыктарына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын бюджетине түшүүлөрдүн булактары боюнча мамлекеттик бюджеттин ресурстарынын администраторлорунун тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-августундагы № 604 "Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн долбоорун түзүү маселелерин уюштуруу жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун үчүнчү абзацы;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 13-ноябрындагы № 532 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-августундагы № 604 "Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн долбоорун түзүү маселелерин уюштуруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомунун 1-пунктунун экинчи, үчүнчү, төртүнчү абзацтары, 3-пунктчасы;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 80 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине жана Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомунун 1-пунктунун 4-пунктчасы;

4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-августундагы № 417 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-августундагы № 604 "Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн долбоорун түзүү маселелерин уюштуруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомунун 1-пунктунун 3-пунктчасы;

5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 529 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-августундагы № 604 "Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн долбоорун түзүү маселелерин уюштуруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;

6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-декабрындагы № 766 "Автомобиль жолдорун оңдоого, күтүүгө, курууга жана реконструкциялоого жыйымдарды алуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомунун 3-пункту;

7) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 782 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-августундагы № 604 "Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн долбоорун түзүү маселелерин уюштуруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;

8) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 147 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-августундагы № 604 "Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн долбоорун түзүү маселелерин уюштуруу жөнүндө" токтому;

9) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221 "Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомунун 6-пункту;

10) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-апрелиндеги № 234 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-августундагы № 604 "Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн долбоорун түзүү маселелерин уюштуруу жөнүндө" токтому;

11) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын маселелери жөнүндө" токтомунун 5-пункту.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев

Тиркеме

Кыргыз Республикасынын бюджетине түшүүлөрдүн булактары боюнча мамлекеттик бюджеттин ресурстарынын администраторлорунун ТИЗМЕГИ

1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жана анын ведомстволук бөлүмдөрү

1

Мамлекеттик каттоо үчүн жыйымдар

2

Баалуу кагаздар менен операцияларды жүргүзүү укугуна күбөлүк берүү үчүн жыйым

3

Акциялардын мамлекеттик пакетине кошуп эсептелген дивиденддер

4

Айыптар, туумдар, айыптар боюнча финансылык санкциялар

5

Мамлекеттин пайдасына айландырылган кирешелер

6

Лицензия берүү үчүн мамлекеттик алым

7

Сертификаттарды жана башка уруксат берүүчү документтерди берүү үчүн мамлекеттик алым

8

Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр

9

Контролдоо-көзөмөлдөө иш-чараларын жүргүзүүдөн түшүүлөр

10

Мамлекеттик лотереяларды өткөрүүдөн түшүүлөр

11

Камсыздандыруу тармагын өнүктүрүүгө чегерүүлөр

12

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка салыктык эмес кирешелер

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана анын ведомстволук бөлүмдөрү

13

Акциялардын мамлекеттик пакетине чегерилген дивиденддер

14

Айыптар, туумдар, айыптар боюнча финансылык санкциялар

15

Мамлекеттин пайдасына айландырылган кирешелер

16

Сертификаттарды жана башка уруксат берүүчү документтерди берүү үчүн мамлекеттик алым

17

Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр

18

Башка ички дебитордук карызды төлөө

19

Берилген бюджеттик кредиттер боюнча пайыздар

20

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка салыктык эмес кирешелер

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана анын ведомстволук бөлүмдөрү

21

Миграциялык кызмат органдары тарабынан алынуучу мамлекеттик алым

22

Башка жыйымдар

23

Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр

24

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка салыктык эмес кирешелер

4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жана анын ведомстволук бөлүмдөрү

25

Мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) үчүн жыйымдар

26

Бирдиктүү мамлекеттик реестрде каттоо жөнүндө күбөлүктү берүү үчүн жыйым

27

Апостиль коюу үчүн жыйым

28

Айыптар, туумдар, айыптар боюнча финансылык санкциялар

29

Юстиция органдары тарабынан алынуучу мамлекеттик алым

30

Лицензия берүү үчүн мамлекеттик алым

31

Сертификаттарды жана башка уруксат берүүчү документтерди берүү үчүн мамлекеттик алым

32

Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр

33

Бир жолку декларациялык төлөм

34

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка салыктык эмес кирешелер

5. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жана анын ведомстволук бөлүмдөрү

35

Транспорт каражаттарынын максималдуу өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин таразалоо, ченөө үчүн жыйымдар

36

Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча атайын жана бөлүнбөй турган жүгү бар транспорт каражаттарын өткөрүү үчүн жыйым

37

Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы жасалма курулмалар боюнча өтүү үчүн жыйым

38

Автомобиль жолдорун оңдоого, күтүүгө, курууга жана реконструкциялоого жыйымдар

39

Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун бөлүнгөн тилкесинде жана жол боюндагы тилкеде жайгашкан жер тилкелерин ижарага берүүдөн алынуучу акы

40

Автомобиль жолдору чөйрөсүндөгү мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору боюнча каражаттар

41

Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдоруна келтирилген залалдын жана зыяндын ордун толтуруу

42

Айыптар, туумдар, айыптар боюнча финансылык санкциялар

43

Лицензия берүү үчүн мамлекеттик алым

44

Сертификаттарды жана башка уруксат берүүчү документтерди берүү үчүн мамлекеттик алым

45

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка салыктык эмес кирешелер

6. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жана анын ведомстволук бөлүмдөрү

46

Бирдиктүү мамлекеттик реестрде каттоо жөнүндө күбөлүктү берүү үчүн жыйым

47

Өсүмдүктөр, жаныбарлар дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин, козу карындарды жана мамлекеттик токой фондун пайдалануу үчүн жыйым

48

Жаратылыш ресурстарын пайдалануу үчүн жыйым

49

Жаныбарлар, өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерине, козу карындарга жана мамлекеттик токой фондуна келтирилген зыяндын ордун толтуруу

50

Башка мүлктүн ижара акысы

51

Акциялардын мамлекеттик пакетине кошуп эсептелген дивиденддер

52

Айыптар, туумдар, айыптар боюнча финансылык санкциялар

53

Сертификаттарды жана башка уруксат берүүчү документтерди берүү үчүн мамлекеттик алым

54

Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр

55

Контролдоо-көзөмөлдөө иш-чараларын жүргүзүүдөн түшүүлөр

56

Айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн зыяндарынын жана жоготууларынын ордун толтуруу

57

Суу ресурстарын жана суу объекттерин пайдалануу үчүн жыйым

58

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка салыктык эмес кирешелер

7. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жана анын ведомстволук бөлүмдөрү

59

Акциялардын мамлекеттик пакетине кошуп эсептелген дивиденддер

60

Айыптар, туумдар, айыптар боюнча финансылык санкциялар

61

Контролдоо-көзөмөлдөө иш-чараларын жүргүзүүдөн түшүүлөр

62

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка салыктык эмес кирешелер

8. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жана анын ведомстволук бөлүмдөрү

63

Бирдиктүү мамлекеттик реестрде каттоо жөнүндө күбөлүктү берүү үчүн жыйым

64

Пайдалуу кен же казып алынуучу отун чыккан жерлерди иштетүү укугу үчүн жыйым

65

Жер казынасын пайдалануу укугун берүү үчүн жыйым

66

Айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн жыйым

67

Утилдештирүү жыйымы

68

Өсүмдүктөр, жаныбарлар дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин, козу карындарды жана мамлекеттик токой фондун пайдалануу үчүн жыйымдар

69

Жаратылыш ресурстарын пайдалануу үчүн жыйым

70

Жаныбарлар, өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерине, козу карындарга жана мамлекеттик токой фондуна келтирилген зыяндын ордун толтуруу

71

Башка мүлктүн ижара акысы

72

Экологиялык зыяндын ордун толтуруу акысы

73

Айыптар, туумдар, айыптар боюнча финансылык санкциялар

74

Биргелешкен илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн эл аралык институттардан чегерүүлөр

75

Лицензия берүү үчүн мамлекеттик алым

76

Сертификаттарды жана башка уруксат берүүчү документтерди берүү үчүн мамлекеттик алым

77

Башка мамлекеттик алым

78

Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр

79

Контролдоо-көзөмөлдөө иш-чараларын жүргүзүүдөн түшүүлөр

80

Жаратылыш активдерин пайдалануу үчүн башка төлөмдөр

81

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка салыктык эмес кирешелер

9. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана анын ведомстволук бөлүмдөрү

82

Айыптар, туумдар, айыптар боюнча финансылык санкциялар

83

Лицензия берүү үчүн мамлекеттик алым

84

Сертификаттарды жана башка уруксат берүүчү документтерди берүү үчүн мамлекеттик алым

85

Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр

86

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка салыктык эмес кирешелер

10. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги жана анын ведомстволук бөлүмдөрү

87

Айыптар, туумдар, айыптар боюнча финансылык санкциялар

88

Лицензия берүү үчүн мамлекеттик алым

89

Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр

90

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка салыктык эмес кирешелер

11. Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги жана анын ведомстволук бөлүмдөрү

91

Патенттик жана башка алымдар, жыйымдар

92

Айыптар, туумдар, айыптар боюнча финансылык санкциялар

93

Лицензия берүү үчүн мамлекеттик алым

94

Сертификаттарды жана башка уруксат берүүчү документтерди берүү үчүн мамлекеттик алым

95

Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр

96

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка салыктык эмес кирешелер

12. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги жана анын ведомстволук бөлүмдөрү

97

Айыптар, туумдар, айыптар боюнча финансылык санкциялар

98

Сертификаттарды жана башка уруксат берүүчү документтерди берүү үчүн мамлекеттик алым

99

Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр

100

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка салыктык эмес кирешелер

13. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жана анын ведомстволук бөлүмдөрү

101

Айыптар, туумдар, айыптар боюнча финансылык санкциялар

102

Сертификаттарды жана башка уруксат берүүчү документтерди берүү үчүн мамлекеттик алым

103

Миграциялык кызмат органдары тарабынан алынуучу мамлекеттик алым

104

Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр

105

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка салыктык эмес кирешелер

14. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жана анын ведомстволук бөлүмдөрү

106

Аскердик милдет менен байланышкан жыйымдар

107

Башка мүлктүн ижара акысы

108

Акциялардын мамлекеттик пакетине кошуп эсептелген дивиденддер

109

Айыптар, туумдар, айыптар боюнча финансылык санкциялар

110

Мамлекеттин пайдасына айландырылган кирешелер

111

Лицензия берүү үчүн мамлекеттик алым

112

Сертификаттарды жана башка уруксат берүүчү документтерди берүү үчүн мамлекеттик алым

113

Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр

114

Башка транспорт каражаттарын сатуу

115

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка салыктык эмес кирешелер

15. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана анын ведомстволук бөлүмдөрү

116

Апостиль коюу үчүн жыйым

117

Айыптар, туумдар, айыптар боюнча финансылык санкциялар

118

Лицензия берүү үчүн мамлекеттик алым

119

Сертификаттарды жана башка уруксат берүүчү документтерди берүү үчүн мамлекеттик алым

120

Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр

121

Экономикалык кылмыштар боюнча келтирилген зыяндын ордун толтуруу

122

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка салыктык эмес кирешелер

16. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана анын ведомстволук бөлүмдөрү

123

Айыптар, туумдар, айыптар боюнча финансылык санкциялар

124

Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр

125

Токой чарба өндүрүшүнүн зыяндарынын жана жоготууларынын ордун толтуруу

126

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка салыктык эмес кирешелер

17. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги жана анын ведомстволук бөлүмдөрү

127

Радиожыштык спектрин пайдалануу үчүн жыйым

128

Радиожыштык спектринин тилкелерин пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүдөн түшкөн жыйым

129

Акциялардын мамлекеттик пакетине кошуп эсептелген дивиденддер

130

Айыптар, туумдар, айыптар боюнча финансылык санкциялар

131

Лицензия берүү үчүн мамлекеттик алым

132

Каттоо органдары тарабынан алынуучу мамлекеттик алым

133

Башка мамлекеттик алым

134

Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр

135

Байланыш тармагын өнүктүрүүгө чегерүүлөр

136

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка салыктык эмес кирешелер

18. Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги жана анын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрү

137

Акциялардын мамлекеттик пакетине кошуп эсептелген дивиденддер

138

Айыптар, туумдар, айыптар боюнча финансылык санкциялар

139

Лицензия берүү үчүн мамлекеттик алым

140

Классификациялык сертификаттарды жана башка уруксат берүүчү документтерди берүү үчүн мамлекеттик алым

141

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка салыктык эмес кирешелер

19. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана анын ведомстволук бөлүмдөрү

142

Экономикалык кылмыштар боюнча келтирилген зыяндын ордун толтуруу

143

Конфискацияланган, ээси жок жана кароосуз мүлктү сатуудан түшкөн кирешелер

144

Айыптар, туумдар, айыптар боюнча финансылык санкциялар

145

Мамлекеттин пайдасына айландырылган кирешелер

146

Сертификаттарды жана башка уруксат берүүчү документтерди берүү үчүн мамлекеттик алым

147

Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр

148

Контролдоо-көзөмөлдөө иш-чараларын жүргүзүүдөн түшүүлөр

149

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка салыктык эмес кирешелер

20. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы жана анын ведомстволук бөлүмдөрү

150

Калктуу конуштардан таштандыларды чыгаруу үчүн жыйым

151

Баалуу металлдардан жасалган зер жана башка тиричилик буюмдарын пробалоо, талдоо жана эн тамга басуу үчүн жыйымдар

152

Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти жүзөгө ашыруу үчүн жыйым

153

Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн жыйым

154

Айыптар, туумдар, айыптар боюнча финансылык санкциялар

155

Лицензия берүү үчүн мамлекеттик алым

156

Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр

157

Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр

158

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык салыктар

159

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка салыктык эмес кирешелер

21. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана анын ведомстволук бөлүмдөрү

160

Аныкталган контрабанданы сатуудан түшкөн кирешелер

161

Конфискацияланган, ээси жок жана кароосуз мүлктү сатуудан түшкөн кирешелер

162

Кызматтык-издөөчү иттерди сатуудан түшкөн кирешелер

163

Мамлекеттин пайдасына айландырылган кирешелер

164

Айыптар, туумдар, айыптар боюнча финансылык санкциялар

165

Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдөн түшүүлөр

166

Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексине, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык алынуучу бажы төлөмдөрү, атайын демпингге каршы, компенсациялык алымдар

167

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык салыктар

168

Башка бажылык жыйымдар жана төлөмдөр

169

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка салыктык эмес кирешелер

22. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик жана анын ведомстволук бөлүмдөрү

170

Айыптар, туумдар, айыптар боюнча финансылык санкциялар

171

Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр

172

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка салыктык эмес кирешелер

23. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги жана анын ведомстволук бөлүмдөрү

173

Сертификаттоо жол-жобосун өткөрүү үчүн жыйымдар

174

Айыптар, туумдар, айыптар боюнча финансылык санкциялар

175

Жарандык авиацияны өнүктүрүүгө чегерүүлөр

176

Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр

177

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка салыктык эмес кирешелер

24. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жана анын ведомстволук бөлүмдөрү

178

Айыптар, туумдар, айыптар боюнча финансылык санкциялар

179

Сертификаттарды жана башка уруксат берүүчү документтерди берүү үчүн мамлекеттик алым

180

Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр

181

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка салыктык эмес кирешелер

25. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик жана анын ведомстволук бөлүмдөрү

182

Айыптар, туумдар, айыптар боюнча финансылык санкциялар

183

Каттоо органдары тарабынан алынуучу мамлекеттик алым

184

Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр

185

Айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн зыяндарынын жана жоготууларынын ордун толтуруу

186

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка салыктык эмес кирешелер

26. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик жана анын ведомстволук бөлүмдөрү

187

Мамлекеттик менчикте турган жайлардын, имараттардын жана курулмалардын ижара акысы

188

Башка мүлктүн ижара акысы

189

Акциялардын мамлекеттик пакетине кошуп эсептелген дивиденддер

190

Капиталга катышуунун башка формаларын сатуу (менчиктештирүү)

191

Айыптар, туумдар, айыптар боюнча финансылык санкциялар

192

Мамлекеттин пайдасына айландырылган кирешелер

193

Мамлекеттик ишканалардын пайдасы

194

Контролдоо-көзөмөлдөө иш-чараларын жүргүзүүдөн түшүүлөр

195

Конфискацияланган, ээси жок жана кароосуз мүлктү сатуудан түшкөн кирешелер

196

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка салыктык эмес кирешелер

27. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы

197

Айыптар, туумдар, айыптар боюнча финансылык санкциялар

198

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасы

199

Лицензия берүү үчүн мамлекеттик алым

200

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка салыктык эмес кирешелер

28. Кыргыз Республикасынын Жогорку соту

201

Айыптар, туумдар, айыптар боюнча финансылык санкциялар

202

Сот органдары тарабынан алынуучу мамлекеттик алым

203

Башка мамлекеттик алым

204

Мамлекеттин пайдасына айландырылган кирешелер

205

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка салыктык эмес кирешелер

29. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти

206

Апостиль коюу үчүн жыйым

207

Айыптар, туумдар, айыптар боюнча финансылык санкциялар

208

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка салыктык эмес кирешелер

30. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жана анын ведомстволук бөлүмдөрү

209

Айыптар, туумдар, айыптар боюнча финансылык санкциялар

210

Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр

211

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка салыктык эмес кирешелер

31. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик жана анын ведомстволук бөлүмдөрү

212

Айыптар, туумдар, айыптар боюнча финансылык санкциялар

213

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка салыктык эмес кирешелер

32. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары

214

Автотранспортту токтотуу жана токтотуучу жай үчүн жыйым

215

Жайыт жерлерин пайдалануу үчүн жыйым

216

Муниципалдык менчикте турган жайлардын, имараттардын, курулмалардын, жабдуулардын жана техниканын ижара акысы

217

Башка мүлктүн ижара акысы

218

Калктуу конуштардын жерлеринин ижара акысы

219

Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалангандык үчүн ижара акысы

220

Акциялардын муниципалдык пакетине кошуп эсептелген дивиденддер

221

Экологиялык зыяндын ордун толтуруу акысы

222

Айыптар, туумдар, айыптар боюнча финансылык санкциялар

223

Муниципалдык ишканалардын пайдасынан чегерүүлөр

224

Акы төлөнүүчү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр

225

Ыктыярдуу трансферттер жана гранттар

226

Алынбай калган пайданын ордун толтуруу

227

Финансылык жана финансылык эмес активдер менен операциялардан түшүүлөр

228

Жергиликтүү бюджеттен берилген бюджеттик кредиттер боюнча пайыздар

229

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка салыктык эмес кирешелер

33. Башкы прокуратура жана анын ведомстволук бөлүмдөрү

230

Айыптар, туумдар, айыптар боюнча финансылык санкциялар

231

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка салыктык эмес кирешелер

34. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы

232

Айыптар, туумдар, айыптар боюнча финансылык санкциялар

233

Каттоо органдары тарабынан алынуучу мамлекеттик алым

234

Башка мамлекеттик алым

235

Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр

236

Мамлекеттик менчикте турган жайлардын, имараттардын жана курулмалардын ижара акысы

237

Башка мүлктүн ижара акысы

238

Акциялардын мамлекеттик пакетине кошуп эсептелген дивиденддер

239

Мамлекеттик ишканалардын пайдасы

240

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка салыктык эмес кирешелер

35. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбор жана анын ведомстволук бөлүмдөрү

241

Автомототранспорт каражаттарын каттоо үчүн жыйымдар

242

Транспорт каражаттарынын алдынкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксат берүү үчүн жыйым

243

Автотранспорт каражатына энчилүү номердик белгини сатуу

244

Автотранспорт каражаттарына өзгөчө айкалыштагы цифралар жана/же тамгалар менен мамлекеттик каттоочу номердик белгилерин сатуу

245

Башка жыйымдар

246

Айыптар, туумдар, айыптар боюнча финансылык санкциялар

247

Мамлекеттин пайдасына айландырылган кирешелер

248

Лицензия берүү үчүн мамлекеттик алым

249

Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр

250

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка салыктык эмес кирешелер

36. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы

251

Мамлекеттик менчикте турган жайлардын, имараттардын жана курулмалардын ижара акысы

252

Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр

253

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка салыктык эмес кирешелер

Эскертүү:

1. Мамлекеттик бюджеттин ресурстарынын администраторлору Кыргыз Республикасынын бюджетине түшүүлөрдүн булактары боюнча мамлекеттик бюджеттин ресурстарынын администраторлорунун тизмегине (мындан ары - Тизмек) жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясына ылайык аймактык, ведомстволук бөлүмдөрдү аныктайт жана алардын тизмесин бюджетке түшүүлөрдү топтоо максатында аккумуляциялык эсептерди ачуу үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгына жиберет.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы Тизмекке жана берилген аймактык, ведомстволук бөлүмдөрдүн тизмесине ылайык казыналык системасында коддорду ыйгарууну жана аккумуляциялык эсептерди ачууну камсыз кылат.

3. Бюджеттин ресурстарынын администраторлору:

1) аймактык, ведомстволук бөлүмдөрдүн тизмесин түзөт;

2) финансылык жылдарга фискалдык саясаттын негизги багыттарын аныктоо жана бюджеттин долбоорун түзүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды түзөт жана берет;

3) жыйынды бюджеттик отчеттуулукту түзөт жана берет;

4) бюджеттик системанын кирешелери болуп саналган төлөмдөрдүн туура эсептелишине, толук жана өз убагында төлөнүшүнө, кошуп эсептелишине, эсепке алынышына, өндүрүп алынышына жана ашыкча төлөнгөн (өндүрүп алынган) төлөмдөрдү, алар боюнча туумдарды жана айыптарды кайтаруу (эсепке киргизүү) жөнүндө чечимдердин кабыл алынышына контроль жүргүзөт;

5) бюджеттик жол-жоболордо белгиленген тартипте маалыматтарды жана бюджеттик отчеттуулукту берет;

6) бюджеттин аткарылышы боюнча бюджеттик жол-жоболордо белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык башкармалыктары менен ресурстардын иш жүзүндөгү түшүүлөрүн салыштырып текшерүү актысын түзөт.

4. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин киреше бөлүгүнүн долбоорлорун иштеп чыгууда, ошондой эле бюджеттик системанын кирешелери болуп саналган төлөмдөрдүн туура эсептелишине, толук жана өз убагында төлөнүшүнө, кошуп эсептелишине, эсепке алынышына, өндүрүп алынышына жана ашыкча төлөнгөн (өндүрүп алынган) төлөмдөрдү, алар боюнча туумдарды жана айыптарды кайтаруу (эсепке киргизүү) жөнүндө чечимдердин кабыл алынышына контроль жүргүзүүдө Тизмек жетекчиликке алынууга тийиш.

5. Мамлекеттик бюджеттин ресурстарынын администраторунун түзүмүн жана анын функцияларын өзгөртүүдө, бюджеттин ресурстарынын администраторлору ушул Тизмекке өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу органга сунуштарды киргизет.
