# Курама айылдык кеңештин 2025-жылдын 13-февралы № 9 "Жер участогунун максатын өзгөртүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Курама айылдык кеңештин 2025-жылдын 13-февралы № 9 "Жер участогунун максатын өзгөртүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 10
- Кабыл алынган күнү: 13.02.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230043106>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-53316/edition/49794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230043106.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Курама айылдык кеңештин 2025-жылдын 13-февралы № 9 "Жер участогунун максатын өзгөртүү жөнүндө" токтому (13.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230043106

---

КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Курама айылдык кеңештин депутаттарынын 10-чакырылышынын кезектүү 5 сессиясы

2025-жылдын 13-февралы № 9

Жер участогунун максатын өзгөртүү жөнүндө Курама айыл өкмөтүнүн жер суроолор боюнча адиси К.Б.Бейшеналиевдин жер участогунун колдонууга максатын өзгөртүү зарылдыгы тууралуу маалыматын угуп, талкуулагандан кийин Панфилов айылындагы Центральный көчөсүндө жайгашкан №312 жер тилкесин отурукташкан жерлер максатынан коммерцияга өзгөртүүгө Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин №108-беренесинин 4-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алуу менен Курама айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Панфилов айылындагы Центральная көч., №312 дарегиндеги жер тилкесинин максатын өзгөртүү негизинде жер тилкеси №1 аянты 500 м/кв түзгөн отурукташкан жерлер максатынан коммерция категориясына өзгөртүлсүн, жер тилкеси №2 аянты 875,0 м/кв отурукташкан жерлер боюнча калтырылсын.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Панфилов филиалына жөнөтүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Курама айыл өкмөтүнүн жер суроолор боюнча адиси К.Б.Бейшеналиевге жана айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Р.Р.Мамбеталиевге милдеттендирилсин.

Төрага

Джумагулов А.К.
