# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-мартындагы № 185 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Фельдъегердик кызматы тарабынан аткарылуучу кызмат көрсөтүүлөрдүн ченемдерин жана тарифтерин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-мартындагы № 185 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Фельдъегердик кызматы тарабынан аткарылуучу кызмат көрсөтүүлөрдүн ченемдерин жана тарифтерин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 185
- Кабыл алынган күнү: 19.03.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.03.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230043058>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230043058/edition/49743/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230043058.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.03.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-мартындагы № 185 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Фельдъегердик кызматы тарабынан аткарылуучу кызмат көрсөтүүлөрдүн ченемдерин жана тарифтерин бекитүү жөнүндө" токтому (19.03.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230043058

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 19-марты № 185

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Фельдъегердик кызматы тарабынан аткарылуучу кызмат көрсөтүүлөрдүн ченемдерин жана тарифтерин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Фельдъегердик кызматы тарабынан аткарылуучу кызматтарды көрсөтүү тартибин өркүндөтүү, финансы-экономикалык негиздүүлүгүн камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Фельдъегердик кызматы тарабынан аткарылуучу кызмат көрсөтүүлөрдүн ченемдери жана тарифтери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 22-июнундагы № 337 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматтары жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик фельдегерлик кызматы аткарчу жумуштар менен кызмат көрсөтүүлөрдүн акыларынын нормаларын жана баа ченемдерин бекитүү жөнүндө» токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 14-июлундагы № 532 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

1999-жылдын 22-июнундагы № 337 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик комиссиянын кызматтары жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик фельдъегерлик кызматы аткарчу жумуштар менен кызмат көрсөтүүлөрдүн акыларынын нормаларын жана баа ченемдерин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 24-мартындагы № 22 (3782) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев

Тиркеме

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Фельдъегердик кызматы тарабынан аткарылуучу кызмат көрсөтүүлөрдүн ЧЕНЕМДЕРИ ЖАНА ТАРИФТЕРИ

Жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн аталышы

Өлчөө бирдиги

Наркы (сом)

Шаар боюнча

Кыргыз Республикасынын ичинде

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары КМШ өлкөлөрүнө

1

2

3

4

5

Фельдъегердик байланыш кызмат көрсөтүүлөрү Кат-кабарды жеткирүү

1. Бир жөнөтүүнү (пакет, таңгак) жеткирүү үчүн:

- бюджеттик мекемелер үчүн;

1 жөнөтүү

40

60

100

- коммерциялык эмес жана коммерциялык уюмдар үчүн.

1 жөнөтүү

100

200

300

2. Бир жүк жөнөтүүсүн ташуу үчүн жарандык авиация, т/ж транспортунун органдары тарабынан багажды ташууга белгиленген тарифтерге ылайык ар бир толук жана толук эмес килограмм үчүн авиабилеттин, т/ж билетинин наркынын (тарифтин) 2%ы өлчөмүндө акы алынат, орто аралыктагы салмактагы жөнөтүүлөр көбүрөөк жагына тегеректелет.

3. Жөнөтүүчүнүн өтүнүчү боюнча шашылыш колмо-кол тартипте жеткирүүнү талап кылган кат-кабарды жеткирүү үчүн жөнөтүүлөрдү жеткирүү үчүн иш жүзүндөгү чыгымдардын өлчөмүндө акы алынат.

Кат-кабарды колмо-кол ыкма менен жеткирүүгө кеткен иш жүзүндөгү чыгымдар жөнөтүүлөрдү жеткирүү менен түздөн-түз байланышкан транспорттук чыгымдар кирет.

4. Фельдъегердик кызматтын кызматкерлерин жөнөтүүчүнүн имаратында пакеттерди жана жөнөтүүлөрдү (таңгактарды) кабыл алуу үчүн кошумча чакыруу үчүн 40 сом өлчөмүндө, ошондой эле автомашинанын фельдъегердик кызматтан жөнөтүүчүгө чейинки жана кайра келгендеги ар бир жүргөн км үчүн 10 сом кошумча акы алынат
