# Петровка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 10-августундагы № 114-1 "Кыргыз Республикасындагы административдик-аймактык реформасы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Петровка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 10-августундагы № 114-1 "Кыргыз Республикасындагы административдик-аймактык реформасы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 114-1
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230043009>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-53236/edition/49687/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230043009.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Петровка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 10-августундагы № 114-1 "Кыргыз Республикасындагы административдик-аймактык реформасы жөнүндө" токтому (10.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230043009

---

ПЕТРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ XXVIII – чакырыгынын ирээттеги XXII сессиясы

2023-жылдын 10-августундагы № 114-1

Кыргыз Республикасындагы административдик-аймактык реформасы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы “Административдик-аймактык түзүлүштү өркүндөтүү жана өнүктүрүү боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө” №350 Жарлыгынын негизинде “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин, “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин жана 2023-жылдын 7-августундагы Петровка айыл аймагынын тургундарынын жалпы чогулушунун протоколунун негизинде Петровка айыл өкмөтүнүн башчысынын маалыматын угуп жана талкуулап, Петровка айылдык кенеши:

ТОКТОМ ЧЫГАРАТ:

1. Петровка, Предтеченка жана Беш-Терек айыл аймактарын бириктирүүдө Петровка айыл аймагы административдик-аймактык борбору болуп эсептелсин.

2. Петровка айыл аймагынын Петровка айыл өкмөтү Төрт Гүл айыл аймагы Төрт Гүл айыл өкмөтү деп өзгөртүлсүн.

3. Бул токтом мамлекеттик жана расмий тилдерде Петровка айылдык кеңешинин веб-сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Петровка айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.А. Байсулдаевге милдеттендирилсин.

Айылдык кенештин орун басары

Канатбек уулу М
