# Байтик-Баатыр айылдык кеңешинин 2025-жылдын 26-декабрындагы № 01-6/70 "Байтик маданият үйүнүн атын өзгөртүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Байтик-Баатыр айылдык кеңешинин 2025-жылдын 26-декабрындагы № 01-6/70 "Байтик маданият үйүнүн атын өзгөртүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 01-6/70
- Кабыл алынган күнү: 26.12.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230043004>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-53231/edition/49681/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230043004.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Байтик-Баатыр айылдык кеңешинин 2025-жылдын 26-декабрындагы № 01-6/70 "Байтик маданият үйүнүн атын өзгөртүү жөнүндө" токтому (26.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230043004

---

БАЙТИК БААТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Байтик Баатыр айылдык кенешинин 30 чакырлышынын 11 жыйыны

2025-жылдын 26-декабры № 01-6/70

Байтик маданият үйүнүн атын өзгөртүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы №149 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Административдик-аймактык түзүлүш жана географиялык аталыштар маселелерин кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын иши жөнүндө” токтомуна ылайык жана Байтик айылынын тургундарынын кайрылуусун талкуулап жана карап чыгып Байтик Баатыр айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Байтик маданият үйүнүн” атын “Чикеев Абасбек атындагы маданият үйү” деп өзгөртүлсүн.

2. Байтик Баатыр айыл өкмөтү тарабынан Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясына “Чикеев Абасбек атындагы маданият үйү” деп атын өзгөртүү боюнча өтүнүч кат жөнөтүлсүн.

3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

4. Бул Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Байтик Баатыр айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ч.Асаналиевке милдеттендирилсин.

Төрага

А.М. Джумагулов
