Байтик-Баатыр айылдык кеңешинин «Байтик маданият үйүнүн атын өзгөртүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
БАЙТИК БААТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Байтик Баатыр айылдык кенешинин 30 чакырлышынын 11 жыйыны
2025-жылдын 26-декабры № 01-6/70
Байтик маданият үйүнүн атын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы №149 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Административдик-аймактык түзүлүш жана географиялык аталыштар маселелерин кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын иши жөнүндө” токтомуна ылайык жана Байтик айылынын тургундарынын кайрылуусун талкуулап жана карап чыгып Байтик Баатыр айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Байтик маданият үйүнүн” атын “Чикеев Абасбек атындагы маданият үйү” деп өзгөртүлсүн.
2. Байтик Баатыр айыл өкмөтү тарабынан Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясына “Чикеев Абасбек атындагы маданият үйү” деп атын өзгөртүү боюнча өтүнүч кат жөнөтүлсүн.
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
4. Бул Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Байтик Баатыр айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ч.Асаналиевке милдеттендирилсин.
Төрага
А.М. Джумагулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.