# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-марты № 182 "Жер тилкелерин өз ара алмашуунун натыйжасында Өзбекстан Республикасы тарабынан Кыргыз Республикасынын пайдасына өткөрүп берилген жер тилкесин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигине кабыл алуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-марты № 182 "Жер тилкелерин өз ара алмашуунун натыйжасында Өзбекстан Республикасы тарабынан Кыргыз Республикасынын пайдасына өткөрүп берилген жер тилкесин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигине кабыл алуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 182
- Кабыл алынган күнү: 18.03.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.03.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230042957>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-53198/edition/49632/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230042957.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-марты № 182 "Жер тилкелерин өз ара алмашуунун натыйжасында Өзбекстан Республикасы тарабынан Кыргыз Республикасынын пайдасына өткөрүп берилген жер тилкесин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигине кабыл алуу жөнүндө" токтому (18.03.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230042957

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 18-марты № 182

Жер тилкелерин өз ара алмашуунун натыйжасында Өзбекстан Республикасы тарабынан Кыргыз Республикасынын пайдасына өткөрүп берилген жер тилкесин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигине кабыл алуу жөнүндө

«Бишкек шаарында 2017-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-өзбек Мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын № 398/1 – № 398/2 чек ара чекиттеринин ортосунда жайгашкан жана жер тилкелерин өз ара алмашуунун натыйжасында Өзбекстан Республикасы тарабынан Кыргыз Республикасынын пайдасына өткөрүп берилген аянты 241,5 га жер тилкеси белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигине кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Кара-Жантак калктуу конушундагы мектептин, бала бакчанын жана айылдык амбулаториянын имараттарын жана мүлкүн белгиленген тартипте мамлекеттин менчигине кабыл алсын жана аларды Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жана Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясы менен биргеликте:

1) бир айдын ичинде ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесин инвентаризациялоону жана мамлекеттик менчик укугун мамлекеттик каттоону жүргүзсүн;

2) Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаарынын административдик чегинин картасын жана баяндамасын даярдасын;

3) кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо процесси аяктагандан кийин жерди эсепке алуу документтерине ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;

4) ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясы жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкесин Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаарынын мэриясына мөөнөтсүз (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) пайдаланууга өткөрүп берсин.

5. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаарынын административдик аймагы кеңейтилгендигин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарына жана ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча белгиленген тартипте иш жүргүзсүн.

6. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:

1) мөөнөтсүз (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) пайдаланууга берилген жер тилкесин максаттуу багытына ылайык пайдаланууну;

2) ушул токтомду ишке ашырууну каржылоону белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаарынын бюджетинин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырууну.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
