# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-февралындагы № 84 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 113 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-февралындагы № 84 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 113 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 84
- Кабыл алынган күнү: 11.02.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.02.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230042886>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-53143/edition/49554/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230042886.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-февралындагы № 84 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 113 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (11.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230042886

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 11-февралы № 84

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 113 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы № 137 "2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын (2025-2027-жылдардын орто мөөнөттүү мезгилинде I этап үчүн) 5-главасынын 1-пунктунун 2-пунктчасына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 113 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө жободо:

- 13-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 28-пунктча менен толукталсын:

"28) коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү, мыйзамдардын сакталышын, кызматтык тартиптин абалын үзгүлтүксүз контролдоону камсыз кылуу аркылуу кол алдындагы кызматкерлердин аракеттери (аракетсиздиги) үчүн жоопкерчилик тартат.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Касымалиев
