Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин «Маалыматтарды бирдиктүү чогултууну уюштуруу жөнүндө» буйругу
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ ЖАНА ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ИШТЕРИ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 6-марты № 01-25/64
Маалыматтарды бирдиктүү чогултууну уюштуруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси А.А. Касымалиевдин 2026-жылдын 6-февралындагы № 14-2933 тапшырмасын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 258 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары – Агенттик) жөнүндө жобого ылайык, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Кырдаалдык борборду жана борбордук мамлекеттик органдарды актуалдуу маалыматтар менен камсыз кылуу, ошондой эле маалыматтарды чогултуу жана иштеп чыгуу процессин тартипке келтирүү максатында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан толтурулуп туруучу маалыматтардын бирдиктүү тизмеси (мындан ары – Маалыматтардын бирдиктүү тизмеси ) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул буйруктун 1-пункту менен бекитилген Маалыматтардын бирдиктүү тизмесин жетекчиликке алып, ар айдын 5 числосуна чейин толтуруп, тиешелүү маалыматтарды белгиленген тартипте киргизип туруу сунушталсын.
3. Агенттиктин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмү тиркемедеги маалымат тизмесинин үлгүсүн жергиликтүү өз алдынча башкару органдарына жеткирсин.
4. Агенттиктин санариптик өнүктүрүү бөлүмү Маалыматтардын бирдиктүү тизмесин бекитилген бирдиктүү тизмеге ылайык формада “Санарип аймак” автоматташтырылган маалыматтык системасына киргизсин.
5. Агенттиктин финансылык жана административдик камсыздоо бөлүмү ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичиндеАгенттиктин веб-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын.
6. Агенттиктин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмү кабыл алынган күндөн тартып жети жумушчу күндүн ичинде буйруктун электрондук версиясын электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине укуктук маалыматтардын борборлоштурулган банкына киргизүү үчүн жөнөтсүн.
7. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
8. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Агенттиктин директорунун орун басары Б.З. Садировага жүктөлсүн.
Директордун милдетин убактылуу аткаруучу, директодун орун басары
Р. А. Кубаталиев
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2026-жылдын 6-мартындагы № 01-25/64 буйругуна
КЫРДААЛДЫК БОРБОР ҮЧҮН ЫКЧАМ МААЛЫМАТТАРДЫ ЧОГУЛТУУ МАКСАТЫНДА, ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ОРГАНДАРЫ ТАРАБЫНАН ТОЛТУРУЛУУЧУ МААЛЫМАТТЫК БАЗАСЫ
№
ЖӨБО аталышы
ЖӨБО жетекчиси/орун басары/ кызматкерлери тууралуу маалымат
ЖӨБО тууралуу маалымат
1.
(Мисал: облус, район, айыл өкмөт айылдын аталыштары)
(мисал: резюмеси, байланыш номерлери, жооптуу тармактары)
(мисал: айыл өкмөттүн структурасы, жалпы аянты, аймактын (айылдын) өзгөчөлүктөрү)
2. Жерди пайдалануу боюнча маалымат
№
Жер категориясы менчиктин түрлөрү
Жалпы аянты
Жерди колдонуу багыты
Сугат
Кайрак
Жерди колдонуунун көрсөткүчтөрү
Иштетилип жаткан
Иштетилбей жаткан
Негизги көйгөйлөр/себеби/
Көйгөйлөрдү чечүү жолдору (сунуш)
1
3. Калк жөнүндө маалымат
№
Калктын жалпы катталган саны
Калктын жалпы саны (факты түрүндө)
Кожолук саны
Эркек
Аял
Өспүрүмдөр
Мигранттардын саны
Мигранттардын балдары
Калктын аярлуу катмары
Калктын социалдык абалы
Негизги көйгөйлөр/себеби/
Көйгөйлөрдү чечүү жолдору (сунуш)
0 жаштан 1 жашка чейин
1 жаштан 3 жашка чейин
4 жаштан 16 жашка чейи
1.
4. Каржы-экономикалык көрсөткүч
№
Жергиликтүү Бюджеттин жалпы көлөмү
Республика лык бюджеттен каржылоо гранттар
Каржылоо булактары
Киреше
Чыгаша
Каражаттарды эффективдүү колдонуудагы көйгөйлөр
Финэконом көрсөткүчтөр дү жакшыртууга багытталган негиздүү сунуштар
Кирешени жогорулатуу жолдору
1.
5.СЭӨП
№
СЭӨП боюнча маалымат
Мамлекеттик стратегиялык, программаларга шайкеш келүүсү
СЭӨП аткаруу мөөнөтү
Каржылоо булактары
СЭӨП ишке ашырылышынын абалы
Ишке ашыруудагы тоскоолдуктар жана негизги көйгөйлөр
Кошумча негиздүү сунуштар
1.
6. Калктын жумуштуулугу боюнча маалымат
№
Ишке орноштурулган жарандардын саны
Жумушсуз калктын саны
Ишке орноштурууда активдүү чаралар менен камтылган жарандар
Жаңы түзүлгөн жумуш орундардын саны
Бош жумуш орундардын саны
Өткөрүлгөн бош жумуш орундар жарманкелеринин саны
Жумушсуздукту жоюудагы негизги көйгөйлөр
Жумушсуздукту жоюу боюнча негиздүү сунуштар
1
7. Жергиликтүү инвестициялык мүмкүнчүлүктөр боюнча маалымат
№
Кайсы багыттарга инвестиция тартууга ылайык шарттар боюнча негиздүү маалымат
Инвестицияга керектелүүчү каражаттардын суммасы
Даяр долбоор лордун тизмеси
Ишке ашып жаткан долбоорлор
Айылдын балансындагы инвестицияга ылайыктуу имараттар, жерлер, объекттер
Инвестиция тартууга тоскоол болгон көйгөйлөр, аны чечүү сунуштар
Инвестиция тартууга керектелүүчү жардамдын тизмеси
1.
8. Комуникациялардын абалы тууралуу маалымат
№
Калктуу конуштун башкы планы (иштеп чыккан орган/бекиткен орган/бекитилген күнү
Таза суу (канча уйгө таза суу кирген, сууну тазалоо системасы, сууну эсептөө аспаптары, суу түтүктөрүнүн абалы,
Таштанды чыгаруу (таштанды полигону, таштанды чыгарууну уюштуруу, таштанды чыгаруучу унаалар (саны, абалы) негизги көйгөйлөр
Саркынды суулар (саркын суулардын түтүкчөлөрү барбы/ жок, (км) негизги көйгөйлөр)
Жарыктандыруу (канча аянт жарыктандырылды, негизги көйгөйлөр)
Жолдор (канча км асфальт төшөлгөн, абалы кандай, канча км. жолду асфальттоо керек, негизги көйгөйлөр)
Байланыш булактары (интернет, мобилдик байланыштын сапаты) Интернетке жеткиликтүүлүинтернеттин сапаты (жакшы/орточо/начар) интернеттин жетиши жана сапаты, негизги көйгөйлөр)
Жашылдандыруу (Канча пайыз жашылдандырылган, канча жерди жашылдандыруу керек, негизги көйгөйлөр)
Негизги көйгөйлөр
Көйгөй лөрдү чечүү сунуштары жана талап кылынуу
чу каражат тардын суммасы
1.
9. ЖӨБО жана мамлекеттик органдарга караштуу жана жеке жактардын курулуш иштери боюнча маалымат
№
Объектин аталышы (муниципалдык, мамлекеттик, жеке)
Объект тууралуу маалымат (долбоору, аянты багыты)
Курулуштун иш-кагаздары тууралуу маалымат
Долбоордун жалпы суммасы
Учурдагы абалы
Курулуштун каржылоосу тууралуу маалымат
Подряддык уюм тууралуу маалымат
Негизги көйгөйлөр
Көйгөйлөрдү чечүү жолдору
1.
10. ЖӨБО жана мамлекеттик органдарга караштуу социалдык объектилердин саны жана багыты, учурдагы абалы, статусу боюнча маалымат
№
Объектин аталышы (муниципалдык, мамлекеттик, жеке) (билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык камсыздоо, маданият, административдик баардык имараттар)
Объект тууралуу маалымат (салынган жылы, канча адамга каралган, архитектуралык маанилүүлүгү, ж.б.)
Аянты (кв.м)
Багыты (кызмат көрсөтүүлөрдүн түрү жана теленген жарандардын категориялары)
Объекте кызмат алуучулардын саны (балдар, чоңдор, майыптыгы бар адамдар, улгайган жарандардын саны) (ар бир категория бөлүнүү менен)
Учурдагы абалы
Негизги көйгөйлөр (имараттын шарты, техникалык камсыздоо, оңдоо иштерине болгон муктаждыктар)
Көйгөйлөрдү чечүү жолдору (каржылоо суммасынын муктаждыктары)
1.
11. ЖӨБО учурдагы бекитилген иш пландары
боюнча маалымат
№
Негизги приоритеттүү багыттар жана максаттар
Иш план (качан бекитилген, ким менен бекитилген, канча пунктан турат, аткаруу мөөнөтү)
Иш пландын аткарылышы
Учурда аткарылып жаткан иштердин стадиясы
Аткарылбай калган чаралар
Аткарууга тоскоолдук жараткан себептер, көйгөйлөр
Көйгөйлөрдү чечүү жолдору
1.
12. ЖӨБО балансындагы негизги каражаттар боюнча маалымат (техника, унаа ж.б.)
№
Негизги каражаттардын аталышы
Чыккан жылы
Учурдагы техникалык абалы
Колдонулуп жаткандыгы тууралуу маалымат (кандай иштерди аткарып жатат)
Талап кылынган негизги каражаттардын саны
Керектелүүчү каржылоонун суммасы
Көйгөйлөрдү чечүү сунуштары
1.
13. Жазгы талаа иштери боюнча даярдык боюнча маалымат
№
Сугат (талап кылуучу көлөм, көйгөй, чечүү жолдору)
Үрөн (талап кылуучу көлөм, көйгөй, чечүү жолдору)
Техника (талап кылуучу көлөм, көйгөй, чечүү жолдору)
ГСМ (талап кылуучу көлөм, көйгөй, чечүү жолдору)
Фермерлерге көрсөтүлүп жаткан жардам жана керектелүүчү жардам боюнча маалымат (консультациялык жардам)
Жайыттардын абалы тууралуу маалымат (көйгөй болсо белгилеп, аны чечүү жолун сунуштоо)
Жер кыртышынын абалы (көйгөй болсо белгилеп, аны чечүү жолун сунуштоо)
Мал жандыктар тууралуу маалымат (көйгөй болсо белгилеп, аны чечүү жолун сунуштоо)
1.
14. Аймактык экономика тармактарын жана калкын тийиштүү-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө маалымат
№
Жалпый аймак боюнча
Мерчемделген иштер
Калкты отун, көмүр , күйүүчү майлары менен камсыз кылуу тууралуу маалымат
Аймакта жайгашкан объекттер тууралуу маалымат
Талаптарга ылайык керектелүүчү даярдык
Аткарылган иштер боюнча маалымат, даярдыктын абалы
Негизги көйгөйлөр
Каржылоо булактарынын жалпы суммасы жана каржылоонун абалы
1.
15. Калк менен иштешүү боюнча маалымат
№
Демилгелүү топтордун саны, аталышы, тизмеси, байланыш номерлери
Аймактардын активистери, тизмеси, байланыш номерлери
Ассоцияциалардын, коомдук уюмдардын тизмеси, байланыш номерлери
Таасирдүү карыялар, аксалдар соттору, аялдар кенештери тизмеси, байланыш номерлери
Коммуникация механиздери
Коомчулукка, СМИге берилүүчү маалыматтардын медиа-планы
Каржылоо булактарынын жалпы суммасы жана каржылоонун абалы
Көйгөйлөр жана чечүү сунуштары
1.
16. Туристик патенциалды колдонуу боюнча маалымат
№
Иштеп жаткан туристтик объектилер, абалы шарттары, туристтерди тосуу мүмкүнчүлүгү (финасалык көрсөткүчтөр, салык, киреше, жумуш оорундары ж.б.)
Туристтик потенциалы бар жерлер, долбоорлор, туризмдин жаны багыттары (мисалы медициналык туризм), туристтик сезонду узартуучу сунуштар (негиздемеси менен, финасалык көрсөткүч төр, салык, киреше, жумуш оорундары ж.б.)
Туристтерди кабыл алуучу жеке үйлөрдүн саны, шарттары, абалы
Туристтердин коопсуздугун камсыз кылуудагы иш аракеттер
Туризмди өнүктүрүүдөгү негизги тоскоолдуктар жана көйгөйлөр
Туризмди өнүктүрүүчү сунуштар жана долбоорлор (негиздемеси менен, финансалык көрсөткүчтөр, салык, киреше, жумуш оорундары ж.б.)
1.
17. Отчёттук мезгилде катталган өзгөчө кырдаалдар (ӨК), кырсыктар жана алдын алуу иштери боюнча
№
Облус, район, а/а
ӨК жана кырсыктын түрү
Катталган күнү
Адам курмандыктар
Келтирилген зыян
Материалдык чыгым
ӨК кесепеттерин жоюуга жана алдын алууга ЖОБО тарабынан тартылган күчтөр жана финансылык каражаттар
Жарандык коргонуу иш чараларына жеригиликтүү бюджеттен жылга каралган жалпы акча каражаттын суммасы
1.
18. Мамлекеттик программалар, стратегиялык иш-кагаздар, жогору турган инстанциялар тарабынан коюлган тапшырмалар боюнча маалымат
№
Мампрограмма, стратегиялы к ишкагаздар жана тапшырмалардын мазмуну
Жооптуу жогору турган министрликтер жана ведомстволор
Жооптуу аткаруучу, аты жөнү, байланыш номери
Аткаруу мөөнөтү
Учурдагы абалы
Аткарылбаган чаралар, себептери
Каржылоо булактары
Кошумча негиздүү сунуштар
1.
19. Баалар жана экономикалык жеткиликтүүлүк
№
Азык түлүктүн, товарлардын аталышы
Көрсөткүч
Орточо баалар
Минималдык баа
Максималдык баа
Сатуу жайлары, дареги, аталышы
Азык-түлүктүн, товардын көлөмү
1.
20. Айыл чарба продукциясынын өндүрүшү
№
Аймакта өстүрүлгөн, чыгарылган продукция (продукциянын аталышы)
Азык-түлүктүн, товардын өндүрүү көлөмү
Орточо түшүмдүүлүк, (мал чарбасы болсо малдын саны)
Кайра иштетүү мүмкүнчүлүгү
Даяр продукцияны сактоо шарттары
Даяр продукцияны сатуу шарттары
Негизги көйгөйлөр
Көйгөйлөрдү чечүү сунуштары
1.
21. Санариптештирүү процесси
№
Мамлекеттик санариптештирүү багытындагы программалардын аткарылышы
Тийиштүү адистердин жетиштүүлүгү
Аймак кызматкерлеринин санарип сабаттуулугу боюнча маалымат
Интернеттин сапаты
Тийиштүү жабдыктар менен камсыздоонун абалы
Негизги көйгөйлөр
Көйгөйлөрдү чечүү сунуштары
1.
22. Коопсуздук жана социалдык маселелер
№
Уурулук, үй-бүлөлүк зомбулук
Ичкилик, баңгизат колдонуу
Жаштар тобокелдиги
Социалдык конфликт очоктору
Улут аралык касташтык маселелери
Коопсуздукту камсыздоодо алыпбарылып жаткан иштер
Белгиленбеген негизги көйгөйлөр
Көйгөйлөрдү чечүү сунуштары
1.
23. Жергиликтүү негизги көйгөйлөр
№
Социалдык маселедеги көйгөйлөр (жумушсуздук тууралуу, таза суу, сугат суу ж.б.)
Маданият тармагында көйгөйлөр, чечүү жолдору
Саламаттыкты сактоо тармагында көйгөйлөр, чечүү жолдору
Экология тармагында көйгөйлөр, чечүү жолдору
Билим берүү тармагында көйгөйлөр, чечүү жолдору
Мамлекеттик жана муниципа лдык кызматтар тармагында көйгөйлөр, чечүү жолдору
Башка көйгөйлөр, чечүү жолдору
1.
ФАА (ким толтурду, ээлеген кызмат орду) ____________________________ Толтурган күнү ___________________________________________________ Кол тамга ________________________________________________________
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.