# Кара-Балта шаардык кеңешинин 2022-жылдын 28-октябрындагы № 04 "Кара – Балта шаарынын № 3 орто мектебине Э.Н. Турсунбаевдин атын ыйгаруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кара-Балта шаардык кеңешинин 2022-жылдын 28-октябрындагы № 04 "Кара – Балта шаарынын № 3 орто мектебине Э.Н. Турсунбаевдин атын ыйгаруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 04
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.10.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230042881>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-53139/edition/49547/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230042881.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кара-Балта шаардык кеңешинин 2022-жылдын 28-октябрындагы № 04 "Кара – Балта шаарынын № 3 орто мектебине Э.Н. Турсунбаевдин атын ыйгаруу жөнүндө" токтому (28.10.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230042881

---

КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2022-жылдын 28-октябрындагы № 04

Кара – Балта шаарынын № 3 орто мектебине Э.Н. Турсунбаевдин атын ыйгаруу жөнүндө «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27, 34, 36-беренелерине ылайык, ошондой эле Кара – Балта шаарынын тургундарынын “Кара – Балта шаарынын № 3 орто мектебине, Грибоедова көчөсүнө жана кыска көчөсүнө Э.Н. Турсунбаевдин атын ыйгаруу жөнүндө” кайрылуусун эске алуу жана кароо менен, Кара – Балта шаардык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Балта шаарынын № 3 орто мектебине Баткен облусунун “Тамдык” чек ара заставасынын башчысы, улук лейтенант Эрлан Нурадинович Турсунбаевдин аты ыйгарылсын.

2. Кара – Балта шаарынын мэриясы, Кара – Балта шаарынын № 3 орто мектебине Баткен облусунун “Тамдык” чек ара заставасынын башчысы, улук лейтенант Эрлан Нурадинович Турсунбаевдин атын ыйгаруу боюнча зарыл болгон документтерди иретке келтирсин.

3. Бул токтомдун аткарылыш көзөмөлү Регламент, этика жана укуктук маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына Г.А. Сарсембаевге жүктөлсүн.

Кеңештин төрагасы

М. Дуйшеналиев
