Кара-Балта шаардык кеңешинин «Кара – Балта шаарынын № 3 орто мектебине Э.Н. Турсунбаевдин атын ыйгаруу жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 28-октябрындагы № 04
Кара – Балта шаарынын № 3 орто мектебине Э.Н. Турсунбаевдин атын ыйгаруу жөнүндө «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27, 34, 36-беренелерине ылайык, ошондой эле Кара – Балта шаарынын тургундарынын “Кара – Балта шаарынын № 3 орто мектебине, Грибоедова көчөсүнө жана кыска көчөсүнө Э.Н. Турсунбаевдин атын ыйгаруу жөнүндө” кайрылуусун эске алуу жана кароо менен, Кара – Балта шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Балта шаарынын № 3 орто мектебине Баткен облусунун “Тамдык” чек ара заставасынын башчысы, улук лейтенант Эрлан Нурадинович Турсунбаевдин аты ыйгарылсын.
2. Кара – Балта шаарынын мэриясы, Кара – Балта шаарынын № 3 орто мектебине Баткен облусунун “Тамдык” чек ара заставасынын башчысы, улук лейтенант Эрлан Нурадинович Турсунбаевдин атын ыйгаруу боюнча зарыл болгон документтерди иретке келтирсин.
3. Бул токтомдун аткарылыш көзөмөлү Регламент, этика жана укуктук маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына Г.А. Сарсембаевге жүктөлсүн.
Кеңештин төрагасы
М. Дуйшеналиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123