# Кара-Балта шаардык кеңешинин 2022-жылдын 28-октябрындагы № 03 "Чакан бокс залына Р.А. Тайбасовдун атын ыйгаруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кара-Балта шаардык кеңешинин 2022-жылдын 28-октябрындагы № 03 "Чакан бокс залына Р.А. Тайбасовдун атын ыйгаруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 03
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.10.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230042878>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-53138/edition/49545/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230042878.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кара-Балта шаардык кеңешинин 2022-жылдын 28-октябрындагы № 03 "Чакан бокс залына Р.А. Тайбасовдун атын ыйгаруу жөнүндө" токтому (28.10.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230042878

---

КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2022-жылдын 28-октябрындагы № 03

Чакан бокс залына Р.А. Тайбасовдун атын ыйгаруу жөнүндө «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27, 34, 36-беренелерине ылайык, ошондой эле «Манас» спорт топтомунун директору А.А.Омурсаковдун кайрылуусун эске алуу менен, Кара – Балта шаардык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Балта шаарынын № 2 өспүрүмдөр спорт мектебинин чакан бокс залына Кыргыз Республикасынын бокс боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусу Рыспек Айнакулович Тайбасовдун аты ыйгарылсын.

2. Кара – Балта шаарынын мэриясы, Кара – Балта шаарынын № 2 өспүрүмдөр спорт мектебинин чакан бокс залына Рыспек Айнакулович Тайбасовдун атын ыйгаруу боюнча зарыл болгон документтерди иретке келтирсин.

3. Бул токтомдун аткарылыш көзөмөлү Регламент, этика жана укуктук маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына Г.А.Сарсембаевге жүктөлсүн.

Кеңештин төрагасы

М. Дуйшеналиев
