# Кара-Балта шаардык кеңешинин 2022-жылдын 28-октябрындагы № 02 "Кара-Балта шаарынын аймагында айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгынын К3 зоналдык коэффициентин орнотуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кара-Балта шаардык кеңешинин 2022-жылдын 28-октябрындагы № 02 "Кара-Балта шаарынын аймагында айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгынын К3 зоналдык коэффициентин орнотуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 02
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.10.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230042877>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-53137/edition/49544/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230042877.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кара-Балта шаардык кеңешинин 2022-жылдын 28-октябрындагы № 02 "Кара-Балта шаарынын аймагында айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгынын К3 зоналдык коэффициентин орнотуу жөнүндө" токтому (28.10.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230042877

---

КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2022-жылдын 28-октябрындагы № 02

Кара-Балта шаарынын аймагында айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгынын К3 зоналдык коэффициентин орнотуу жөнүндө «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 36 -беренелерине ылайык, Кара – Балта шаардык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Балта шаарында 2023-жылдын 1-январынан баштап айыл чарба багытында болбогон жер салыгы боюнча КЗ зоналдык коэффициенти 1,1 өлчөмдө орнотулсун

2. Токтом массалык маалымат каражаттарында жарыялансын.

3. Токтом нормативдик укуктук актыларынын бирдиктүү мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Чуй – Бишкек юстиция башкармалыгына жиберилсин.

4. Ушул токтомдун аткарылыш көзөмөлү бюджет, муниципалдык менчик, турак жай-коммуналдык чарба жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына, ошондой эле Кара – Балта шаарынын мэри М.Р. Джекшеновго жүктөлсүн.

Кеңештин төрагасы

М. Дуйшеналиев
