Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин («Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан» темир жолу долбоорун ишке ашыруунун алкагында кошумча нарк салыгынан бошотулууга тийиш болгон берүүчүлөрдүн тизмегин бекитүү тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 17-июлу № 615-т
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-февралындагы № 63-т тескемесинин редациясына ылайык)
2024-жылдын 20-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен "Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" темир жол компаниясы" жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы Кыргыз Республикасында Торугарт - Жалал-Абад темир жолун долбоорлоо, куруу, каржылоо, эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө боюнча инвестициялык макулдашууну ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. "Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" темир жолу долбоорун ишке ашыруунун алкагында кошумча нарк салыгынан бошотулууга тийиш болгон берүүчүлөрдүн тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Тизмекке киргизилген берүүлөрдү контролдоону жана эсепке алууну жүргүзсүн.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Тиркеме
"Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" темир жолу долбоорун ишке ашыруунун алкагында кошумча нарк салыгынан бошотулууга тийиш болгон берүүчүлөрдүн ТИЗМЕГИ (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-февралындагы № 63-т тескемесинин редациясына ылайык)
№
Берүүчүнүн аталышы
ИСН
Сатып алуулардын аталышы
1
"Кант цемент заводу" ачык акционердик коому
00911199510157
Цемент
2
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-февралындагы № 63-т тескемесине ылайык күчүн жоготту)
3
"Южно-Кыргызский цемент" жабык акционердик коому
02306200510026
Цемент
4
"Тянь-Шань Цемент" жоопкерчилиги чектелген коому
00206201410174
Цемент
5
"Араван цемент заводу" жоопкерчилиги чектелген коому
01209201410113
Цемент
6
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-февралындагы № 63-т тескемесине ылайык күчүн жоготту)
7
"Нью Материал Инжиниринг" жоопкерчилиги чектелген коому
00609202310035
Көмүр күлү
8
"НОБИЛИС КОМПАНИ" жоопкерчилиги чектелген коому
01908201910162
Көмүр күлү
9
"Zhongda" China Petrol Company" (Чайна Петроль Компани "Джунда") жоопкерчилиги чектелген коому
01009200910089
Дизелдик отун
10
"Кыргыз Петролеум Компани" жабык акционердик коому
01705199710011
Дизелдик отун
11
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-февралындагы № 63-т тескемесине ылайык күчүн жоготту)
12
"Альфа Ойл" жоопкерчилиги чектелген коому
02811201410017
Дизелдик отун
13
"Салют Компани" Кыргыз-Кытай биргелешкен жоопкерчилиги чектелген коому
02908201110026
Эмульсияланган жарылуучу заттар
Электрондук детонаторлор
14
"Промтех взрыв" жоопкерчилиги чектелген коому
03005201610061
Эмульсияланган жарылуучу заттар
Электрондук детонаторлор
15
"ИНТЕРХИМ" жоопкерчилиги чектелген коому
00807199610067
Электрондук детонаторлор
16
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-февралындагы № 63-т тескемесине ылайык күчүн жоготту)
17
"Глобал майнер сервис" жоопкерчилиги чектелген коому
03010201810122
Электрондук детонаторлор
18
"Хунжунь" эл аралык соода компаниясы жоопкерчилиги чектелген коому
00706202410032
Бетон
19
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-февралындагы № 63-т тескемесине ылайык күчүн жоготту)
20
"Стил Рок" жоопкерчилиги чектелген коому
00603201910233
Курулуш инструменттери
Курулуш инвентары
21
"Кыргыз-оптотрейд" жоопкерчилиги чектелген коому
02705202510172
Асбест түтүктөр
22
"Наука Кей Джи" жоопкерчилиги чектелген коому
01005202210192
Атайын техниканы ижарага берүү
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 026-жылдын 6-февралындагы № 63-т (Улуттук инвестициялык долбоор статусуна ээ болгон "Кытай - Кыргызстан -Өзбекстан" темир жолун…Распоряжение · 06.02.2026 · № 63-т
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122