Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 1-Д «Пробациянын кардарларын реабилитациялоо борборлоруна (социалдык жатаканаларга) жайгаштыруу, анда болуу жана андан чыгарып салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө» буйругу
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 16-мартындагы № № 1-д
Пробациянын кардарларын реабилитациялоо борборлоруна (социалдык жатаканаларга) жайгаштыруу, анда болуу жана андан чыгарып салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Пробация жөнүндө” Мыйзамынын 20- беренесинин 3-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 6- пунктунун 7-пунктчасын, жетекчиликке алып, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө жобонун 13-пунктуна ылайык, буйрук кылам:
1. Пробациянын кардарларын реабилитациялоо борборлоруна (социалдык жатаканаларга) жайгаштыруу, анда болуу жана андан чыгарып салуу эрежелери ушул буйруктун тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Укуктук маалымат башкармалыгы расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күн ичинде ушул буйрукту мамлекеттик жана расмий тилдерде Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Пробациялык жана соттук-эксперттик иш чөйрөсүндөгү саясат башкармалыгы ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күн ичинде буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жиберсин.
4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти ушул Пробациянын кардарларын реабилитациялоо борборлоруна (социалдык жатаканаларга) жайгаштыруу, анда болуу жана андан чыгарып салуу, эрежелерин колдонуу боюнча пробациянын аймактык органдарынын ишин уюштурсун жана координацияласын.
5. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин биринчи орун басары А.Зарылбек уулуна жүктөлсүн.
Министр
А. Б. Баетов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 05.03.2021 · № 78
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик…Постановление · 03.03.2023 · № 115
- Пробация жөнүндөЗакон · 24.02.2017 · № 34
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 токтомуна)Положение · 05.03.2021 · № 78
- Пробациянын кардарларын реабилитациялоо борборлоруна (социалдык жатаканаларга) жайгаштыруу, анда болуу жана андан чыгарып салуу Эрежелери (Кыргыз Республикасынын Юстиция…Правила · 16.03.2026 · № 1-Д