# Сын-Таш айылдык кеңешинин 2026-жылдын 4-февралындагы № 69/10-29 “Сын Таш Таза аймак” муниципалдык ишканасына субсидия берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Сын-Таш айылдык кеңешинин 2026-жылдын 4-февралындагы № 69/10-29 “Сын Таш Таза аймак” муниципалдык ишканасына субсидия берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 69/10-29
- Кабыл алынган күнү: 04.02.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.02.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230042792>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-53075/edition/49458/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сын-Таш айылдык кеңешинин 2026-жылдын 4-февралындагы № 69/10-29 “Сын Таш Таза аймак” муниципалдык ишканасына субсидия берүү жөнүндө" токтому (04.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230042792

---

СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 4-февралындагы № 69/10-29

“Сын Таш Таза аймак” муниципалдык ишканасына субсидия берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын денгээлинде пилоттук режимде администативдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгына, «Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы №54 «Кыргыз Республикасынын Бюджет Кодексинин» 51-беренесинин 2-пунктуна ылайык жана «Жергиликтуу мамлекеттик администация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык, Сын-Таш айылдык кенеши токтом кабыл алат:

1. Сын Таш айыл аймагындагы айрым категориялары үчүн жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын толук төлөөгө мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жана мекемелерге төмөнкү эсеп боюнча 2000,0 млн сом субсидия иретинде берилсин:

1.1. Аз камсыз болгон үй бүлөөлөр үчүн – 60 түтүн, 296 адам

мусор-296\*35\*12=124320с таза суу -296\*35\*12=124320

1.2. пенсионерлер – 1317

мусор-1317\*35\*12=553140 таза суу- 1317\*35\*12=553140

1.3. майыптар – 453 адам анын ичинен 85 балдар

мусор – 453\*35\*12=190260 таза суу – 453\*35\*12=190260

1.4. суу түтүктөрүн оңдоого керектүү жетишпеген тетиктерди алууга 264560 сом.

2. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Сын-Таш айылдык кеңешинин бюджет комиссиясына жана Сын-Таш айыл өкмөтүнүн каржы бөлүм башчысынын милдетин аткаруучусу Ф.Ысманалиевага жүктөлсүн.

Сын-Таш айыл кеңешинин төрагасы:

М.Ш.Кучкачев
