# Сын-Таш айылдык кеңешинин 2025-жылдын 18-декабры № 65/9-29 "Сын-Таш айыл аймагынын китепканаларын оптималдаштыруу жана кайра уюштуруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Сын-Таш айылдык кеңешинин 2025-жылдын 18-декабры № 65/9-29 "Сын-Таш айыл аймагынын китепканаларын оптималдаштыруу жана кайра уюштуруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 65/9-29
- Кабыл алынган күнү: 18.12.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230042784>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-53071/edition/49449/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сын-Таш айылдык кеңешинин 2025-жылдын 18-декабры № 65/9-29 "Сын-Таш айыл аймагынын китепканаларын оптималдаштыруу жана кайра уюштуруу жөнүндө" токтому (18.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230042784

---

СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 18-декабры № 65/9-29

Сын-Таш айыл аймагынын китепканаларын оптималдаштыруу жана кайра уюштуруу жөнүндө Сын-Таш айыл аймагындагы китепканалардын ишин жакшыртуу, материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу максатында, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамынын, "Китепкана иши жөнүндө" Мыйзамынын жана 2024-жылдын 7-февралы №52 “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун негизинде, Сын-Таш айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Сын-Таш айыл аймагында жайгашкан Өтөгөн айылындагы №9 китепканасы, Рот-Фронт айылындагы №8 китепканасы жана Жетиген айылындагы №14 китепканасы жоюлуп, бириктирүү жолу менен кайра уюштурулсун жана алардын базасында Юрьевка жанаТельман айылдарында Бириккен китепкана түзүлсүн.

2. Өтөгөн айылындагы №9 китепканасынын китеп фонду, Юрьевка айылдагы №6 китепканасына берилсин;

3. Рот-Фронт айылындагы №8 китепканасынын китеп фонду, Тельман айылдагы №16 китепканасына берилсин;

4. Жетиген айылындагы №14 китепканасынын китеп фонду, райондук китепканага берилсин;

5. Сын-Таш айыл өкмөтүнүн башчысына:

Ø Китепканаларды жоюу жана кайра уюштуруу боюнча комиссия түзүлсүн; Ø Китепканалардын фондусун, мүлкүн жана жабдыктарын инвентаризациялоодон өткөрүлсүн; Ø КР мыйзамдарына ылайык, кызматкерлерге кайра уюштуруу жөнүндө тийиштүү билдирүүлөр берилсин жана кыскарууга туш болгон кызматкерлерге тийиштүү компенсациялар берилсин; Ø Жаңы түзүлгөн мекеменин жобосун иштеп чыгуу жана каттоодон өткөрүү чаралары көрүлсүн.

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин социалдык суроолор боюнча комиссиясына жүктөлсүн.

Сын-Таш айыл кеңешинин төрагасы:

М.Ш.Кучкачев
