Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан жер тилкесин „Айыл чарба багытындагы жерлер“ категориясынан „Калктуу конуштардын жерлери“ категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 6-марты № 157
Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан жер тилкесин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Бишкек шаарынын Октябрь районунун аймагында коттедж шаарчасын жана көп кабаттуу турак үйлөрдү куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесине, “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 2-бөлүгүнүн 121, 122-пункттарына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 7-ноябрындагы № 323 токтомун, Бишкек шаарында жер участокторун которуу (трансформациялоо) боюнча жер комиссиясынын 2025-жылдын 15-августундагы корутундусун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Бишкек шаарынын Октябрь районунун № 21 контурунда жайгашкан, Джумалиева Махабат Жумабековнанын жеке менчигинде турган, жалпы аянты 0,96 га сугат айдоо жер тилкеси коттедж шаарчасын жана көп кабаттуу турак үйлөрдү куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Бишкек шаарынын мэриясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
2) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесин максаттуу пайдаланууну;
3) жогоруда аталган жер тилкесинин шаар куруу документтерин курулуш ченемдерин жана эрежелерин так сактоо менен Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жаатындагы мыйзамдарына ылайык иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
4) аймактын жашоо-тиричилигин камсыз кылуу системасынын иштөөсүн жана өнүгүүсүн, социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү өзүнүн каражаттарынын эсебинен уюштурууну;
5) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесинде тарыхый-маданий мурас объекттери табылган учурда аларды күтүүнү жана коргоону, казууларды жана курулуш иштерин жүргүзүүдө археологиялык көзөмөлдөө үчүн Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамдарына ылайык адис-археологду тартууну;
6) “Автомобиль жолдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык автомобиль жолунун бөлүнгөн тилкесин сактоону;
7) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкеси пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда аны баштапкы абалга келтирүүнү караган чараларды көрүүнү;
8) айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайдасынын ордун толтуруу наркынын суммасын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөөнү;
9) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесинин аянтын калыбына келтирүүнү, асылдуулугу төмөн жерлерге талдоо жүргүзүүнү жана аларды айыл чарба жүгүртүүсүнө киргизүүнү;
10) чарбалык жана башка иштерди жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мыйзамдарына ылайык экологиялык талаптарды аткарууну;
11) коомдук саламаттык сактоо жаатындагы ченемдик актыларды сактоону;
12) жарандык коргонуу жаатындагы ченемдик актыларды сактоону.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекетик расмий газетасынын 2026-жылдын 10-мартындагы № 18 (3778) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Автомобиль жолдору жөнүндөЗакон · 22.05.2023 · № 104
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндөЗакон · 31.07.2009 · № 257
- Кыргыз Республикасынын Жер кодексиКодекс · 18.07.2025 · № 149